Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматова тандалды

Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматова тандалды

02-март, 19:25
681 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) кызматына Атыр Абдырахматованын талапкерлигин жактырды.

2-марттагы жыйынында депутаттар акыйкатчылыкка талапкер төрт кишинин арасынан көпчүлүк добуш менен Абдрахматованы тандашты. Добуш берүү жашыруун жүргүзүлдү. Ушул эле күнү Абдрахматова ант берип, кызматка киришти.

Акыйкатчылыкка андан тышкары, Турсунбек Акун, Маматурайым Момунов жана Бакытбек Узенбаев да көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын акыйкатчысы кызматы 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турат. Мурдагы омбудсмен Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер