Акыркы кабарлар
» Коом » Суук тийгенде эмнеге сууну көп ичиш керек?
Суук тийгенде эмнеге сууну көп ичиш керек?
22-ноябрь, 17:25

Күнүнө 2 литр суу ичиш керек экенин баарыбыз билебиз. Ал эми ооруган адам күнүнө 5-6 литр суу ичиш керектигин билбейбиз. Эмнеге мындай? Россиялык окумуштуу Мария Ионидис ооруган кезде көп суу ичүүгө кеңеш берет.
Вирус — бул организмдин интосикациясы. Аны «жууп» кетирүү керек. Көп суу ичүү аркылуу ал вирустун ашказанда, ооз кушунда жайланышып алуусуна жол бербейт.
Аскорбин кычкылы иммундук системасы бекемдеп, жаңы клеткалардын көбөйүүсүнө жол ачат. Компот, имбир менен лимон кошулган чай сизди бутка тургузат. Бирок С витамининин кайнаган сууда жоголорун эске алып, жылуу суу ичүүгө кеңеш беришет.
Ооруган кезде ысык чай менен кычкыл суусундуктарды абайлап ичиш керек. Себеби организмдин күч-кубаты ысык чайды муздатууга кетип калат.