Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурдагы никемди күйөөм билип калып, боюмдагы балага карабай кетирди

Мурдагы никемди күйөөм билип калып, боюмдагы балага карабай кетирди

13-сентябрь, 22:22
2 061 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тагдырым ушундай татаал экен. 18 жашымда мектепти бүткөндө айылдан ала качып, эки айдай жашагам. Ортодо сүйүү болгон соң ажырашып кеткенбиз. Төрөгөн эмесмин. Кийин окудум, ишке орноштум...

Ал эми Максат экөөбүз бир жылдай сүйлөшүп, жакшы көрүү сезимдери менен баш кошконбуз. Бактылуу күндөрүмдүн балын татып аткан кезде, туугандарыбыздан эле бузуку чыгып, мурда турмушка чыкканымды көбүртүп-жабыртып, айтып салыптыр. Күйөөм үйгө ичип келип, ызы-чуу чыгарып, ажырашууга аргасыз кылды. Жети айлык боюмдагы балабыз да биздин бактылуу жашообузду сактай албады. “Бир эрден чыккан катын менен жашабайм! Мени алдап тийип алыпсың, акмак, шуркуя! Сенден башкасы деле бала төрөп берет. Жогол! Энеңди...” деп, жаман сөздөр менен тилдеп, ажырашууга аргасыз кылды. “Эртеси соолукса түшүнөт го?” деген оюм да тескери чыкты. Кубалады. Үй-бүлөм бузулду. Максат ата-энесин, туугандарын дагы укпай койду. Намысына тийип, бузукулар башын айлантып коюшса керек...

Эмне кылам? Күнөө өзүмдө. Башында сүйлөшүп жүргөндө эле Максатка түшүндүрүп, чындыкты айтсам болмок экен. Ал башка бирөөлөрдөн баарын укту. Мурда күйөөгө тийгенимди жашырып койгонум үчүн мени кечирбей койду. Эки жолу турмушка чыгып, тагдырым тайкы экенине ынандым. Эми аман-эсен төрөп алып, күйөөгө тийбей эле тынч жашоомду улантышым керек.


26 жаштагы Наргизанын айтканын кагазга түшүргөн Кыян Сары

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер