Акыркы кабарлар
» Коом » Өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну жүрүп жатат
Өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну жүрүп жатат
01-декабрь, 12:19
793 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Учурда Кыргызстан боюнча коронавирустун экинчи толкуну жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Кубан Кундашев бүгүн, 1-декабрда маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну сентябрь айынын соңунда, октябрь айынын ортосунда башталган.
Кундашев саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, коронавирустун жаңы учуру кайсы жерде чыкса, ошол аймакка катталарын билдирди. Ошондуктан Бишкек шаарынын статистикасына борбор калаада коронавируска анализ тапшырган башка аймактардын жашоочулары да кошулуп жатат.
“Баракелде”