Элмирбектин эркеси Айзуура күйөөсүн көтөрмөлөп пост жазды...
Алып баруучу Айзуура Иманалиева өзүнө эң көп берилген суроолорго социалдык баракчасынан жооп берди.
“Кандай гана күндөр өткөн жок, кичинекей төрт жыл бирге жашаган мезгилде. Ал жагы кайгылуу. Бери жагынан эле айтайын. Сени жазган тагдырыма ырахмат - Мирзат Муканов. Мен күлкүлүү суроолордун бирине жооп бергим келип турат бул жактан. "Эки журналист курган үй-бүлөдө пикир келишпестик чыгып кеткенде..." деген суроо көп берилет. “Булардын урушу бир күнгө созулса керек, журналисттер көп сүйлөгөн калк келет эмеспи” деп ойлошот го чамасы. Ушул жерге келгенде бул суроого мен эмес, сиздердин жообуңуздарды уккум келип кетти. Эң кызыктуу делген жоопко, 200 бирдик салайын. Ал эми сиз кайсы кесиптин ээсисиз? Жолдошуңузчу? Балким кесиптештер бар?”,-деп кайрылды күйөрмандарына алып баруучу.