Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атыр Абдрахматова: “БШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр эмес”

Атыр Абдрахматова: “БШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр эмес”

18-июль, 12:09
870 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова күз айына белгиленген парламенттик шайлоону өткөрүүгө каршы пикирин билдирүүдө. Анын айтымында, шайлоого жумшала турган каражатты адамдардын өмүрүн сактап калууга буруу маанилүү. 

-- БШКнын мүчөсү болгонуңузга карабай эмнеге парламенттик шайлоону өткөрүүгө каршы болуп жатасыз?

-- Мен бул боюнча 19-июнда, шайлоону өткөрүү боюнча президенттин жарлыгы чыга электе эле премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылуу жөнөткөм. “Пандемия күчөп кетпейби? Элди дарылаганга мүмкүнчүлүк барбы? Абал курчуп кетсе мамлекет шайлоону мыйзамдын чегинде өткөрө алабы?” деген суроолорду жолдогом. Ага жооп болгон эмес, ушул эле суроону 26-июнда өкмөт менен БШКнын коллегиялык отурумунда көтөрүп, вице-премьер-министр Алмазбек Батырбековдун бир топ куру убадаларын уккам. Мындай маселелерди медицина тармагындагы эксперттер менен кеңешкенден кийин көтөргөн болчумун. Айрым адистер бийлик медиктердин сөзүнө кулак салбай жаткандарын, илдет күчөп, абал оорлошуп кетерин ошондо эле белгилешкен. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча прогнозду уккандан кийин, “бюджеттен шайлоого бөлүнгөн 800 миллион сомду, мындан тышкары донорлордон карала турган акчаларды адамдардын өмүрүн сактап калууга, COVID-19 менен күрөшүүгө жумшабайлыбы?” деген пикиримди айтып келатам. Тилекке каршы, Бишкекти кармай албай, оору аймактарга жайылып кетти. Мына ушул каражатка региондордо реанимациялык бөлүмдөр курулса (!) деп ойлойм. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жаз айындагы жергиликтүү шайлоо дал ушул вируска байланыштуу токтогон болчу. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен өкмөт башчы Кубатбек Боронов илдет күчөп кетиши мүмкүндүгүн айтып, шайлоо өткөн эмес. Эми болсо парламенттик шайлоо болушу керектигин билдиришүүдө. Бул эки жүздүүлүккө, кош стандарттуулукка жатат. Боршайком “президент айтты, буйрук чыкты, өткөрүшүбүз керек” деп коркуп отурат. Расмий маалыматтар боюнча күнүнө 40-50 адам көз жумуп жатса, кечээ 87 бейтап каза болду, кайдагы шайлоону айтып жатабыз? БШК ар бир кадамын пандемиянын шартына ылайыктап жазып чыгышы керек болчу. Бир дагы жобого өзгөртүүлөр киргизилген жок. 

-- Сиздин сунушту башка кесиптештериңизден колдогондор барбы?

-- Менин сунушумду кесиптештеримдин көпчүлүгү колдогон жок, алтургай, бул маселени күн тартибине коюп, талкуулаганга да макул болушпады. Биздеги борбордук аппараттан эле жыйырма жети адам вирус менен ооруп жатат. Аймактарда башаламандык орун алууда. Ашыкча чыгымдарды кыскартып, ооруну токтотпойлубу? Мисалы, жергиликтүү шайлоо өтпөй калганы менен ага бөлүнгөн каражаттын жармынан көбү жумшалып калган. Бүгүнкү күнү да парламенттик шайлоого байланышкан айрым тендерлер башталды. Акчалар бөлүндү. “Каражаттар короп кете электе, процессти токтотолу” деген сунушумду айтып, президентке кат даярдап жатам. Менин эсебим боюнча казынадан каралып жаткан акчага жыйырма жети миң концентратор алсак болот экен. Бул аппаратты алып, өлкөдөгү кырктан ашык аймакка бөлүп берип койсок, канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калабыз! Медиктердин айтымында, ИВЛ оору күчөп кеткенде, концентратор илдет жаңы күчтөнүп баратканда пайдаланылып, бейтаптарга тез арада бутуна турууга жардам берет. Мындан улам, баардык күчтү, каражатты концентратор алууга жумшоо зары. 

-- Бирок, мыйзамга ылайык шайлоо өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей, убагында өтүшү керек да... Же андай эмеспи?   

-- Ооба, “шайлоо өтсүн” дегендер мыйзамдагы ушул жобону, демократияны мисал келтиришүүдө. Бирок, анын белгиси шайлоону ачык, өз мөөнөтүндө өткөрүү болуп саналат. Азыркы шайлоо атаандаштыкта өтөрүн кантип айта алабыз?  Депутаттыкка аттангандар ар кандай жолугушууга бара коём деп, алардын арасынан да ооруга чалдыккандар арбып жатат. “Бул – шайлоо процесси, алар жолукканга муктаж. Ошондуктан шайлоо өз мөөнөтүндө өтүш керек” деген активдүү, пассивдүү талаш-тартыштар мыйзамдагы бир эле талап. БШКнын башкы милдети – шайлоонун ачыктыктыгын камсыз кылуу. Анткен менен өзүбүздүн отурумдарды да онлайн көрсөтүү колубуздан келбей жатат. Жакында эле үгүт иштеринин шартын бузган партиялар боюнча онлайн конференция уюштурсам, көпчүлүк БШК мүчөлөрү zoomдан (онлайн программа) чыгып кетишти. Анан кайдагы ачыктык жөнүндө сөз болушу мүмкүн? 

-- Ушундай шартта добуш берүү шарттары кандай болот? 

-- Мейли, ызылдашып отуруп, добуш берүү күнүнө чейин жеттик дейли. Мамлекеттин ичинде эки миң төрт жүздөн ашык, сыртта элүүгө чукул добуш берүү пункттары ачылат экен. Добуш берүү күнү кандай болот? Мисалы, кээ бир шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар ооруп келбей калса, купуя сырдуулукту ким сактап берет? Айрымдар Түштүк Корея, Польша сыяктуу өлкөлөрдү мисал келтирип жатышат. Польшанын отуз тогуз миллион жараны бар. Пандемия башталгандан бери аларда бир миң жети жүз адам каза болду. Биздики алты жарым миллион, анын да бир жарым миллиону сыртта жүрөт. Акыркы эки-үч жумада каза болгондор жети жүз адамдан ашып кетти. Бул ооруканага келип, катталып калгандар эле, ал эми үйүндө жатып өлгөндөр канча? Бийлик анын баардыгынын так санын чыгарган жок да. Анан кантип Польшага тең келебиз?  Түштүк Кореяда болсо баардык шарттар алдын ала каралган. Алардын обсервацияда жатканы, ооруканага түшкөнү да добуш бере алды. Көрдүңүзбү, суроо көп, бирок, жооп жок. Ошондуктан, эч нерседен дайын жок, шайлоону күчкө салып өткөрүп, элди кыргынга алып барган болбойт. БШК шайлоону өткөрүүгө даяр эместигин президентке ачык айтышы керек. Мөөнөтүндө шайлоо өткөргөндөн көрө, бир адамдын өмүрүн сактап калсак чоң жетишкендик болот. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер