Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолборс Жоробеков, профессор: “Эркебаевге Эл баатыры наамы берилсе сонун болот эле”

Жолборс Жоробеков, профессор: “Эркебаевге Эл баатыры наамы берилсе сонун болот эле”

04-апрель, 21:20
1 757 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жолборс Жоробекович, сиз Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына карата ал киши жөнүндө китеп жазыпсыз. Ошол китеп жөнүндө биздин гезиттин окурмандарына маалымат берип кетсеңиз?

-- Мен Абдыганы Эркебаевди дээрлик жарым кылымдай мезгилден бери жакындан билем, өзүбүзчө мамилебиз бар дегендей. Алгач ал эли-журтка адабий сынчы катарында таанылса, кийин эгемендик жылдарда коомдук-мамлекеттик кызматкер катары да таанылды. Биздин муундун пешенесине кылымдардын тогошушу эле эмес, мамлекеттик системанын өзгөрүшү да туш келбедиби. Биз мурда СССР деген чоң империядагы 15 союздук республиканын бири болуп, Москвадан эмне буйрук болсо, ошону гана аткарчубуз. Жетекчилерди да Москва чеччү, эмне жасап, эмне өндүрүү да ошол жактан айтылчу. Бизге ойлонуштун деле кереги жок эле, биз үчүн ошол жогору жактагылар ойлонот эле. Ошентип, 1985-жылдарга карата чоң империяда кандайдыр бир өзгөрүүлөр боло баштады, “кайра куруу”, “жаңыча ой жүгүртүү” ж.б. дегендей. Мына ушул кырдаалда биздей “белгисиз республикада” алдыңкы интеллигенциясы бул процесстин алдыңкы катарында болду. Албетте, мындан Абдыганы Эркебаев да сыртта калган жок. Тескерисинче, биздеги демократиялык процесстин лидерлеринин бири болду. Ошонун шарданасы менен альтернативалык түрдө республиканын парламентине депутат, Илимдер академиясынын тил адабият институтуна директор болуп шайланат.

Мен бул эмгегимде А.Эркебаевдин илимдеги жолу эмес, саясаттагы жолуна сарасеп салдым. Анткени, ал эгемендик жылдардагы саясый кылчайнашкан кармаштардын чордонунда тике катышты. Акаевди бийликке алып келгендердин бири катары чоң роль ойноду. Ал эми анын илимдеги жолу бул башка өңүттөн, өзүнчө изилдеп жаза турган олуттуу тема. Анүстүнө эгемен Кыргызстандагы алгачкы чакырылыштагы парламентте мен мыйзам чыгарууда, Абдыганы эл өкүлдөрүнө депутат болуп катарлаш иштедик. Эми саясатты изилдеп жүргөн мага Абдыганынын бейнеси жакыныраак деп ойлойм. 

-- Абдыганы акенин саясый бейнеси жөнүндө сөз болуп жаткан соң, Акаев баш болгон Кыргызстандын президенттери жөнүндө да айтылса керек?

-- Албетте, Акаев, Бакиев, Атамбаев жөнүндө сөз болот. Абдыганы Эркебаевдин алар менен болгон мамилеси жана кызматташуусу жөнүндө кенен эле токтолгонго аракет кылдым. Алардан башка Т.Усубалиев, А.Масалиев, Ч.Айтматов, А.Карыпкулов ж.б. жөнүндө да учкай болсо да кеп бар.

Бийлик маселеси жана саясат дайым эле сыдыргыга сылгандай түптүз, же майкөл-сүткөлдөй болуп кетпейт. Кырдаалдар өзгөргөндө саясат да өзгөрөт, бүгүн эле коюн-колтук алышып жүргөн адамдар эртең эле такыр башка болуп калышат. Мунун классикалык көрүнүшү Исхак Раззаковду иштен алган пленум. Анын өзүндөй эле сценарий Турдакун Усубалиевди иштен алганда да кайталанды. Ал эми эгемендүүлүк жылдарында кеткен президентти келгени жамандайт. Саясат өзү чоң искусство. Саясат менен алекеттенген адамдан анын жетиштүү түрдө компетенттүүлүгү жана көп жагдайларга жооп берген тийешелүү илим-билим талап кылынат. Эгемендүү жылдарда, айрыкча кийинки кездерде мамлекеттик деңгээлдеги саясатчылардын билим деңгээли өтө төмөндөп кетти. Бул жагынан алып караганда Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы саясатчылардан А.Эркебаевге тең келе турганы жокко эсе. Анүстүнө анын деңгээлиндеги (министр, вице-министр, губернатор, ЖК төрагасы) саясатчылардан таза калганы ушул эле Абдыганы го чамасы. Кимисин алып караба, кандайдыр бир шектүү иштерге аралашкан “мыйзамдуу түрдө” кайсы бир жерди, же кайсы бир объектти мыйзамдаштырып, кимдир бирөөгө же туугандарына жаздырып алган. Аялы же баласы ири бизнесмен дегенге жамынып чоң суммадагы акчаларды айлантып, кайра ордуна коюп дегендей, иши кылып тез эле долларовый миллионер болуп калышат.

-- Демек, сиз Абдыганы Эркебаевдин саясаттагы тазалыгына басым жасаптырсыз да?

-- Туура, азыр коом бузулду, мына карап көргүлө, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев коррупцияга өтө иштиктүү кийлигишип, улам колго түшүрүп, улам камап жатышат, туура кылып жатат, али кол жете элек жери да арбын. Коомго коррупция биротоло ажырыктай болуп тамырлап, өтө кенен тараган. Саакашвили Грузияда ушундай ишти баштаганда дээрлик ар бир үйдөн бирден камалган деген маалымат бар. Ошондуктан, Абдыганы Эркебаевдей таза адамдар мамлекетте бааланышы, өзүнө жараша сый-урмат көрсөтүлүшү керек. Болбосо коомчулукта кенен тараган мындай бир айтым бар: “Жакшы, өтө билимдүү, өтө тажрыйбалуу интеллектуал экен, анда эмне үчүн кембагал жашайт?” деген. Ошондуктан, мамлекет мындай таза адамдарга кам көрүүсү парз. Азыр мектеп окуучуларынан “ким болосуң?” десе, “ОПГ болом, атаман болом, анан депутат болом, акча көп табам” дешет. Ал эми кичине тиш кагып, ЖОЖдо окуп калганы “кантип чет мамлекетке кетиш керек?” (айрыкча Америкага) деп гана отурушат. Демек, ушундай заманда баардык жагынан таза, чыныгы инсандарды биз тез-тез рекламалап, мамлекет буларга сый-урмат көрсөтүп, жаштарды башкачараак тарбияга бурушубуз зарыл. Элдин арасынан чыгат, мына тилимдин учунда  тургандарын эле айтайын, мугалимдерден Гапыр Мадаминовду, врачтардан Миталип Мамытовду, саясатчылардан Абдыганы Эркебаевди, спорттон Каныбек Осмоналиевди, окумуштуулардан Абдылдажан Акматалиевди ж.б. ондогон инсандарды атасак болот. Ошондо биздин жаштар “Гапыр агайдай мугалим болом, Мамытовдой нейрохирург болом, Эркебаевдей саясатчы болом” дегендей саясат жүргүзүш керек.

-- Сиз санаган инсандар жалаң карандай эмгектери менен өздөрүнө сый-урмат топтошту. Ал эми саясатта таза калыш, таза болуш кыйын го?

-- Туптуура айтасың, бүт дүйнөдө ушундай мамлекеттик чоң кызматтан пайдаланып, байыгандарды олигархтар дейт. Ал эми биздеги маркум Табылды Эгембердиевди айталы, жөн эле миллионер дейбиз, анткени, ал бирди экиге кошуп отуруп, физикалык жактан, интеллектуалдык жактан да дараметин толук колдонуп, ушунун баарын өзү жасады – бул маңдай тер менен болгон иш. Путин бийликке келгенче Россияда да ушундай эле акчасын дипломаттарга салып алып Кремлде, Думанын тегерегин эле сагалап жүрүшчү, “депутат болом”, “министр же дагы бир кызарган жерге барам” дешип. Путин аларды акырын эле “ишиңерди кылгыла, мыйзам менен салыгыңарды төлөгүлө, депутаттыкка, саясый иштерге жолобогула” деп токтотту. Моюн толгогондор түрмөгө (Хадарковский) отуруп, же чет жакка качып (Березовский) жоголушту. Ошентип, орустун Думасына Россияга кызмат кылган партиялык, советтик тажрыйбалуу инсандарды, мисалы, Америкада жер шыпырып жүргөн И.Родиннаны, Москвада аракканалардан чыкпай калган Фетисов, Третьякка окшогондорду ар түрдүү партиялар аркылуу депутат кылды. Арасында космонавттар да бар. Булар Россиянын акылы, ар-намысы да. Бизде деле ушундайды жасап койсо болот. Оңой эле. Анүчүн келерки шайлоого чейин мыйзамды оңдоп, керек болсо Конституцияны кайра жазып чыгышыбыз керек.

-- Сиздин кол жазманы барактасам, Абдыганы Эркебаевге “Кыргыз Эл Баатыры” деген наамды берсе деген сунуш бар экен... 

-- Эң сонун эле болот! Дагы кайталап айтайын, Акаевдин мезгилинде ага эң жакын адамдар бул үйдү (Оштогу резиденциядагы) мыйзамдаштырып берсин, макул бол деп абдан аракет кылышат, Абдыганы макул болбой коёт. Элестетип көрүңүз, өтө эле кызык бекен? Андан башка кездерде да “муну мындай, тигини тигиндей эле кыла койсоңуз”, “муну берели, тигини берели” дегендер болбой койду дейсиңби? Бул жөнүндө экс-депутат Каныбек Иманалиев Нур-Султандан чыккан китебинде Абдыганы Эркебаевдин тазалыгына тан берип жазыптыр. Иши кылып, эгерде Садыр Нургожоевич Эркебаевге баатырдыкты берсе, Кыргызстанда бир да адам “туура эмес болуп калды, ал андай, мындай эле” деп айтпайт. Анткени, ал таза адам. Анүстүнө Абдыганы Эркебаевдин Чоң-Алайдагы туугандары, достору, албетте, өзү да кошулуп келгенде жатып жүрөт деп, шар аккан суунун боюнда алты бөлмө ак тамы, ал жердеги 30 сотых бак-шагы менен бала бакчага өткөрүп бериптир, муну атайын барып көрдүм. Кана, ким ушундай кылды? Тескерисинче, “мамлекеттен алсам, жулсам” деп турушат. 

Биз, кыргыздар наам, сыйлык дегенде жантыгыбыздан жата калат экенбиз, 20-30 миң сомго “жылдын мыктысы” дегенди, дагы бир нерселерди өзүбүздүн эле шылуун жигит-кыздарыбыз уюштура коюп, акчага сатып жатышат, ошого кезекке туруп алып жатышат. Ушундан улам эске түшөт, 1997-жылы докторлукту коргогонума бир жыл болгон, Аскар Акаевич “сага илимге эмгек сиңирген наам берейин” дейт. Мен болбой койдум, “аспирантым жок, докторлукка чыккан китептен башка монографиям жок” деп. Кийин спикер Усуп Муканбаевичтен да айттырып жибериптир, макул болбодум. Ошондон 21 жыл өткөндөн кийин гана алдым. Ал эми Абдыганы Эркебаевде кайсы бир орден-медалы барбы, Кудай акы билбейм. 

-- Эми Абдыганы Эркебаевичтин саясаттагы жолу деле шыр боло бербегендир, ар түрдүү интригалар, ушак айың болсо керек?

-- Албетте. Бу бийликтин миң жылдан келе жаткан өз оюндары, жол-жобосу бар. Муну биз “ордо оюну” деп да коёбуз. Айталы, Эркебаев Ошко губернатор болуп кеткенге чейин Акаев менен өтө жакын болуп жүрдү. Өзү бул жерде жүргөндө Эркебаевди эч ким Акаевге жамандай алышкан эмес. Ал эле эмес гезиттер Майрам Акаеваны сындашканын Эркебаевден көрсө да. Ошко барары менен Оштун өзүнөн “Эркебаев Ошто ичкилик жана башкалар деп бөлүп жатат”, “өзүн жарым паашалыктай сезет экен”, “МАИнин коштоосунда жүрөт” ж.б. тынбай жазып турушат. Анүстүнө Б.Осмоновду өзүнө орун басар кылып алат. “Эки палаталуу парламент жасайбыз” дегенге каршы пикирин билдирет. Дагы бир топ ушундай иштери Акаевдин саясатына каршы иш кылып жаткандай кылып көрсөтүшөт. Акаевдин жанындагы комсомолдон “чоңойгон” шылуун жигиттер тез эле Эркебаевди Акаевге жаман көрсөтө алышты. Акаевдин командасынан да, иштен дагы кетирүүнүн эң жакшы жолу “сиз эл өкүлдөрүнө спикер болосуз” деп аны депутаттыкка жөнөтүшөт. Эртеси эле Акаев Эркебаевди чакырбай Рустенбековду Ошко алып барат. Эми депутаттыкка өткөрбөш үчүн колдо болгон баардык ресурстарды пайдаланышат. Ошого карабай Ош шаарынын эли Осмоновду, Лейлектин эли Эркебаевди депутат кылып шайлашат. 

-- Ал эми кийинки президенттер менен болгон мамилесин да камтысаңыз керек?

-- Ооба. Бирок бетиңе эле иштин начар жагын көрсөтүп айтып турса, кайсы президент эле өзүнө жакындата койсун. Менин оюмча, А.Матубраимовдун спикерлигине ичи чыкпаган Т.Усубалиев, А.Масалиев, Ч.Айтматовдор “спикерликке А.Эркебаев эле туура болот” деп Акаевди макул кылышты. Ошентип, Акаевдин командасына экинчи жолу келди. Бирок, официалдуу жыйындарда да Акаевдин айрым туура эмес иштерин сындап айтчу. Акаевдин “коррупция жетинчи кабатка жетти” дегенине Эркебаевдин “балык башынан сасыйт” дегени эл оозунда азыркыга чейин айтылып жүрөт. Ал эми Бакиевдин өзү, айланасындагылары да интеллектуалдык көрөңгөсү бийик Эркебаевди жакындатышкан жок. Ал эми Атамбаев Эркебаевдин түздүгүн, бетке чапмалыгын жакшы билген эски достордон эле. Бирок Атамбаев президент богондо деле өтө жакын болуп кетпеди. Эмне дебейли, А.Эркебаев Кыргызстандын парламент тарыхында эң узак спикер болгон инсан катары калды. Миңдеген мыйзамдар анын колунан өттү.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер