“Биримдикчи” Пирматов жаңы бийликтин кокосуна миллиондорду тыгып койдубу?
Ушундайлардан Кудай куткарбай койду да... “Биримдик” партиясынан парламенттик шайлоого аттанган Исхак Пирматов төңкөрүштөн кийин көрүнбөй кетти. “Каралар” сая түшкөнү боюнча каңшаар тараган. Эске салсак, ага "Кыргызнефтегазды" жетектеп тургандагы коррупциялык калбырлары үчүн кылмыш иштери козголгон эле. Афералык жол менен миллиондогон долларларды өөнөп кетүүгө шектелип, канча ирет жазылды? 2010-жылдан кийин кылмыш иши козголуп, камакка алынарда Алтынбек Сулайманов аркылуу Икрамжан Илмияновдун тилин таап, сакталып калганын кантебиз? “Кур аякка бата жүрбөйт” дегендей, берчүсүн бергени айтылды эле го? Убакыттын өтүшү менен Икрамжандын колтугуна кирип, мурдагы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго жабышып, "Манас" эл аралык аэропортуна көмүскөдөн май ташуу бизнесин кылышканы чуу жарататпады беле? Бул боюнча да ири коррупциялык жүрүштөрү ачылбай турабы? Деги бүгүнкү бийлик Исхак Пирматовду эмнеге аяп отурат? Же көшөгө артынан берчүсүн бергенби? Соболдорго жооп болобу? Эл карап турат...
Aryba.kg