Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зарнадан элдик ыкма менен кантип тез кутулса болот?

Зарнадан элдик ыкма менен кантип тез кутулса болот?

22-март, 17:22
6 877 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Зарна – кызыл өңгөчтөгү, өзгөчө анын төмөнкү бөлүгүндөгү кыжылдоо сезими. Карындан кычкыл суюктук кызыл өңгөчкө өтүп кеткенде оозго жагымсыз кычкыл даам келет. Зарна ашказан маңызынын кычкылы көбөйүп же төмөндөп кеткенде, туз кислотасы такыр жок болуп кеткен учурларда байкалат. Кээде адам өз нормасынан ашыкча тоё жеп алганда же тамактанган соң сиңирбей туруп тезинен жатып алганда, ашказандын ар кандай ооруларында жана кош бойлуулукта зарна пайда болот.  


Зарнадан арылтуучу элдик ыкмалар

Сода

Сода ашказандагы кычкылдуулукту тез арада нормалдаштырып, зарнаны ылдам басат. Ал үчүн 50 грамм жылуу сууга бир чымчым ашкана содасын аралаштырып, аз-аздан ууртап баарын ичүү керек.

Гречка

Алгач гречканы кызарганча кууруп алуу керек. Куурулган гречканы талкан сыяктуу майдалап, күнүгө бир чымчымдан 3-4 жолу жеш керек. Ошондой эле жумасына эки ирет ачкарын гречка боткосун жеп туруу да зарна көйгөйүнүн алдын алат.

Укроптун уругу

2 чай кашык укроптун уругун майдалап чайнап, суу менен жутуп коюу керек. Бул ыкма зарнадан 10-15 мүнөттө арылтат. Эгер уругу жок болсо, укроптун өзүн жылуу сууга демдеп ичиңиз.

Сүт

Зарнадан кутулуу үчүн сүттү жылытып ичүү керек. Жылуу сүткө бир чымчым ашкана содасын кошуп ичсеңиз да болот.

Ромашка гүлү

Ромашка гүлүнүн кайнатмасын дайыма ичип жүрүү зарнанын алдын алат.

Капуста

Тамакка көп тоюп алуунун натыйжасында зарна боло баштасаңыз, капустанын бир-эки жалбырагын чайнап жеп койсоңуз, тамакты бат сиңирип, зарнаны жоёт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер