Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аширходжаев 400 миң доллар үчүн Талипованы түрмөдөн чыгарып, Аалиевди каматып салганбы?

Аширходжаев 400 миң доллар үчүн Талипованы түрмөдөн чыгарып, Аалиевди каматып салганбы?

15-декабрь, 19:40
12 239 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул суроо ИИМдин борбордук аппаратында дуулдап аткан кези. “Шибегени капка ката албайсың” дейт...

Октябрь РИИБнин мурдагы начальниги Улан Аалиев сот процессинде коллегалары менен учурашып, учкай сүйлөшүүгө үлгүргөн. “Мен жакында камактан чыгам, ордума Эркебек Аширходжаев баш болгон милициянын жетекчилери камалышат!” таризинде кеп айтыптыр. Улан Аалиев миллиондорду айландырган Асыл Талиповага кылмыш ишин козготуп, камакка алганы эсибизде. Бирок бул чуулганга ИИМдин айрым чоңдору да аралашып, “кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” дегендей, баары тескерисинче чыкпадыбы. Асыл Талипова 400 миң доллар ыргытуу менен камактан чыгып, милициянын начальнигин каматып салганы далилденебиБул кыңыр иштин башында Аширходжаев турганбыЭгерде сот, прокуратура калыстыкты карманса, көп былыктар чыкчудай... Чындык ачыкталабы?

А баса, УКМКда Улан Аалиев менен Канатбек Исаев бир камерада жатышат экен. Бул да жөнөкөй табышуу эместир. Тагдырдын буйругу. Келечекте Исаев президент болсо, Аалиев ИИМди жетектеп калабы


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер