Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илим-билим казынасынын көрөгөч менеджери, дасыккан профессор

Илим-билим казынасынын көрөгөч менеджери, дасыккан профессор

24-сентябрь, 00:22
433 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул макала университетти уюштуруп, окутуунун инновациялык технологиянын негизде түзүп, кыска убакыттын ичинде аны өлкөдөгү алдыңкы окуу жайына айландырууга жетишкен профессор Төлөбек Камчыбековго арналды. Макаланын уңгусу окуу жайдын тунгуч ректору өмүр жолундагы кездешкен түрдүү кыйынчылыктарга, оор сыноолорго, келип чыккан оош-кыйыштыктарга карабастан талыкпай кадрларды даярдап, студенттердин сапаттуу окуусуна шарт түзүп, келечегине кам көрүп, чет өлкөлөрдөгү мыкты университеттер менен кеңири алака түзүп, түпкү көздөгөн максатына жеткен инсанга багытталды.

Жыл-жылга тогошуп, убакыт илгерлеген сайын ар адам артына кылчайып карап, Байдылда агабыз “ашуудан берген отчетум” дегендей, өмүрүнүн буга чейинки маани-маңызына, түпкүрдөгү көрөңгөсүнө үңүлүп, сереп салып, акыл калчап, кандай жашадым, эмне иш кылдым, көздөгөнүмө жетише алдымбы, атанын үмүтүн, эненин ак сүтүн актай алдымбы, жамаатымдын ишеничине жетиштимби, тууган-туушкандын, кыйышпас достордун керегине, журтчулуктун жүгүн аркалаганга жарадымбы (?) сыяктуу келип чыккан суроолорго ой толгоп, акыл калчап, жооп издейт. Ошондо анын өмүр жолу, жашоосунун урунттуу, эстен чыккыс керемет жагдайлары, турмушундагы оош-кыйыштыктары бир заматта көз алдына тартылып, ойго батары бышык. Мындай жагдай турмуштун узак сапарына бет алган адамдын баардыгына, бөтөнчө жашы илгерлей баштагандарга көбүрөөк таандык. 

Албетте, орошондуу өмүр сүрүп, телегейи тегиз жашап, элине, жерине адал кызмат кылып, улуулардын урмат-сыйына, кичүүлөрдүн ызаатына төп келгидей ишеничке жетишүү ар адамдан далай аракетти, изденүүнү талап кылат. Киндик каның тамган, туулуп өскөн жериңдин, үй-бүлөнүн, бала-бакыранын, жамааттын, дегеле жалпы эле жумурай журтчулуктун сыймыгы, куту болуу, турмушта эң алды менен жоомарттыгын жана тазалыгын, акылдын тунуктугун, илим, билимдин, жалпы эле ички дүйнөнүн тереңдиги менен өлчөнө тургандыгы мыйзам ченемдүү көрүнүш. 

Ар адамдын артында калтырган изи – анын жасаган эмгеги, өрнөктүү өмүрү менен бааланат. Элине, жерине, коомго зор эмгек көрсөткөндөр тарыхый инсанга айланып, эл оозунда жомок болуп айтылып калат. Мындай инсандар эл ичинен чанда чыгат. Ошол эле учурда өмүрүнүн аягына чейин кылган иши, өрнөгү, ийкемдүүлүгү, жасаган мамилеси менен адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүндө орун алып калган инсандар дагы кездешет. 

Ушундай өңүттөн алганда, Төлөбек Кадыралиевич адамзаттын басып өткөн карт тарыхынан түптөлүп, калыптанган эреже-талаптарга баардык жагынан татыктуулукка жетишип, шайма-шай, байсалдуу өмүр сүрүп, эмгеги элге сиңип, башкаларга өрнөк көрсөтүп келе жаткан инсандардын алдыңкы катарынан орун алып, илим-билимдин өнүгүшүнө бараандуу салымын кошуп, тубаса дасыккан менеджерлигин тастыктап, учурда көч башында келе жатат.

Элеттеги карапайым адамдардын жоон тобундабы, же далай жерге даңкы чыккан «кашка баш» окумуштуулардын, тилинен чаң чыккан илим-билимдин баба дыйкандарынын арасындабы, профессор Т.К.Камчыбеков баардык жерде өзүнүн теориялык ой толгоолоруна, практикалык жактан жыйынтыктаган иштеринде, байсалдуу өмүр жолунда топтогон бай тажрыйбасына таянып баарлашкан аңгеме-маеги, окуган дарстары менен ал көпчүлүктү, айрыкча келечектүү жаштарды өзүнө тартып, учурда таалим-тарбия берүүсүн улантууда. Кантсе деле Төлөбек Кадыралиевчтин негизги жүрөгү – иш күүсү, бул кыргыздын болочок адистери, азыркы мезгилдин, келечектин негизин камтып жаткан инновациялык технологиянын улам артылып жаткан талабынан артта калбасак экен (!) деп бүтүндөй жандүйнөсүн үрөп, баарыбызды да ушуга үндөп, талыкпай сүрөп келет. Көп жагынан үлгүлүү ушундай мыкты жактары анын түпкү тегинен, Жараткан энчилеген дээринен, ата-эненин баштапкы туура тарбия-таалиминен, кийин өзүнүн ички ой жүгүртүүсүнүн кеңейишинен жана да талыкпаган изденүүсүнөн калыптангандыгын өзгөчө белгилөөгө арзыйт.

“Ааламга узак жол айылдан башталат” дегендей, Төлөбек Кадыралиевич кызмат сапарынын башаты Ташкент гидрометеорология техникумун бүтүп келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинде окуп жүргөн мезгилине, тагыраак айтканда, өткөн кылымдын 70-жылдарынын биринчи жарымына таандык. Ошол кездеги университеттин даңазалуу ректору, улуу инсан Табышалиев Салмоорбек агайдын көзөмөлү, нускасы менен башталган. Баамчыл-көрөгөч жетекчиге кийин сереп салсак, түрдүү факультеттерде окуп билим алган, келечектен үмүттөндүргөн тирикарак студентти багып, көз кырын салып жүрчү тура. Болбосо, ал кезде окуу жайдагы бүтүндөй студенттеринин жарымына барабар экономика факультетинин студентин комсомол уюмуна жетекчиликке көрсөтмөк беле? Табиятынан эле баамчыл, ошондой эле менеджерлик уюштургуч, тапкыч, чечкиндүү жаш жигит кыраакы жетекчинин купулуна толгон сыяктуу.

“Жигердүү адамдан жардамыңды аяба, ал кийин ишбилги болуп чыгат” деп өз кезегинде элибиздин журтбашы, мыктысы Исхак Раззаков айткан тура, ошол улуу жетекчинин доорунда калыптанган илимий чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү академик М.Иманалиев 27нин кырына эми келген Төлөбек Кадыралиевичке КМУнун финансы жана чарба боюнча проректорлугун ишенип тапшырганда, “акыл жаштан,  асыл таштан”, иштейсиң...” деп таалим-тарбия берген агайларын эскерген эмгектеринде баса белгилеген жайы бар.

“Адам – казык сымал, акылы аркан, ою өрүш” дешкен тура канчалаган кылымдарды карыткан, тарыхы калыптанган элибиздин көптү көргөн олуялары. Айтса-айтпаса төгүнбү, улуу башаттын баары баштапкы биринчи казыктан башталган эмеспи. Төлөбек Кадыралиевич чынында элге акылы алыска чубалган, ой-өрүшү көз жеткис мейкиндикти камтыган, сырдуу, улуу адамдарды бийик тутуп, дайыма эскерип келет. Булардын катарында Кыргыз экономика илимдеринин топ башы, тарыхый инсан, касиеттүү Муса Рыскулбековдон баштап, даңазалуу академиктер К.Оторбаев, Ж.Алышбаев, М.Иманалиев, профессор А.Молдокулов, табиятынан таланттуу, тубаса мамлекеттик ишмер Б.Мураталиев ж.б. турат. Ушул агайларды кандай сыйласа, өз учурунда Кыргызстанда эл чарба институтун ачуунун демилгечиси, телегейи тегиз, сабаттуу, өзгөчө маданияттуу, профессор Ш.Мусакожоевди дагы ошондой эле урматтап, болгон сый-урматын көрсөтүп келет. 

Узак мезгилден берки эл аралык бай тажрыйба көрсөткөндөй мыкты окуу жайы, алгылыктуу университет болуу үчүн анын бир нече өзөктүү көрсөткүчтөрү учур талабына ылайык болушу зарыл. Буларга эң алды менен окутуунун сапаты, анын заманга дал келген материалдык-техникалык жактан камсыздалышы, илимий иштерди жүргүзүүнүн деңгээли, эл аралык байланыштагы карым-катнаштын кеңейиши, жаштарга жеткиликтүү тарбия-таалим берүү иштери кирет. Ушул өңүттөн алганда, университетте кийинки жылдары бир катар үлгү болгудай ийгиликтер жаралып, калыптанып, билим сапатын жакшыртууга өбөлгө болуп жатат. Мындай саамалыктар жамааттын илимий изилдөө иштерине дагы түздөн-түз тийешелүү. 

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий изилдөө университети учурда өлкөбүздөгү көп баскычтуу, адистештирилген, экономикалык нуктагы азырынча жападан-жалгыз, башкалардан өзгөчөлөнгөн жана базар мамилелеринин негизги шартына толук жооп берген, илим-билимге, инновациялык ыкмага терең ыктаган мамлекеттик окуу жайы катары калайык калкка кеңири таанымал болуп калган учуру. Курамына эки илимий изилдөө инситуту, лицей, колледж, университет (бакалавриат, магистратура, аспирантура жана докторантура) кирет.

Улам өргө баштап, илим-билимдин жетишкендиктерин учурунда колдонуп, андан ары карай улап, окуу жайды бийиктикке көтөрүп, эл аралык деңгээлге алып чыгуу, бүтүрүүчүлөргө чын дилден кам көрүү өтө жооптуу иш. Тунгуч ректор муну эң башкы милдети катары кабыл алып, өзүнүн далайдан бери иштешип, кынык алган пикирлештери, шакирттери менен окуу, илим чөйрөсүндөгү келип чыккан маселелерди ийгиликтүү чечип келүүгө толук жетише алды. Билим берүү менен илим изилдөө ишин шайкештикте кароодо, сапаттуу адистерди даярдоодо инновациялык экономиканын, маалымат технологиясынын жетишкендиктерин жигердүү пайдалануу – университетти өнүктүрүүнүн учурдагы эң башкы максаты катары эсептелет. Республиканын экономикасынын өсүү деңгээлин, финансылык-экономикалык жагдайын, эсеп-кысапты талдоо, менеджмент, ишкердикти өнүктүрүү, туризм индустриясын калыптандырууну эл аралык деңгээлге жеткирүү, инновациялык-маалымат технология жагынан камсыздоо, соода-технологияга тийешелүү маселелерин иликтөө – илимий жактан талдоо окуу жайдын өзөгүн түзөт. 

Университетте билим берүү процессин уюштуруу жана башкаруунун уңгусун окутуу программаларын аккредитациядан өткөрүүнү, билим берүүнүн сапатын жогорулатууну, жекече, үзгүлтүксүз, жакшыртылган негизде окутууга өтүүнү кеңейтүүнү, окутуу процессин жаңы маалыматтар менен жеткиликтүү камсыздоону комплекстүү ишке ашыруунун көп жылдык жыйынтыгынын негизинде окуу жай Кыргыз Республикасынын «Билим берүү» номинациясынын сапат боюнча сыйлыгынын лауреаттыгына (гран-приге) 10 жыл мурун татыктуу болгондугу – ийгиликтердин башаты эчактан бери уланып келе жатканынан кабар берет. 

Окуу жай учурда Борбордук, Чыгыш Азия, Европа, Латын Америкасы өлкөлөрүнүн, АКШнын көптөгөн мыкты университеттери жана эл аралык уюмдары менен алака түзүп, мындай эки тараптуу байланыштын географиясы убакыт өткөн сайын кеңейип жатат. Университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн бир тобу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө окууларын улантып жана жигердүү ишин айкалыштырууда.

Профессор Т.К.Камчыбеков өмүрүнүн басымдуусун окуу жайдагы кадрлардын сапаттуулугуна өзгөчө маани берип, изденип келет. Аракети текке кетпеди, үзүрүн берди. Эгерде окуу жайга жаңы директор болуп келген учурда өзүнөн башка илимдин кандидаты жок болсо, бүгүнкү күнү университетте илимдин 32 доктору, 100дөн ашык кандидаты эмгектенет. Мындай көрсөткүч өлкөнүн жогорку окуу жайларынын биринде дагы азырынча жок. Ал эми кадрдык жактан олуттуу ийгиликке жетишүү үчүн эмне деген убакыт, аракет, изденүү, акыл эмгеги талап кылынары белгилүү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы 2006-жылдын август айында университетке докторлук (кандидаттык) диссертация коргоонун 08.00.05 – эл чарбасынын экономикасы жана башкаруу (докторлук), 08.00.12 – бухгалтерлик эсеп, статистика (кандидаттык) адистиктери боюнча өз алдынча кеңеш ачкан. Ошондон тарта, тагыраак айтканда, 18 жылдан бери үзгүлтүксүз ишин улап, экономика илиминин докторлорун жана кандидаттарын сапаттуу даярдап келүүдө. Учурда илимий даражасын жактагандар жогорку окуу жайларынан, түрдүү мекемелерден тартып Жогорку Кеңештин, президенттик аппараттын жооптуу кызматтарында, чет мамлекеттердеги ири компанияларда үзүрлүү эмгектенип жатышат. Көп жылдар бою университеттин жамаатынын демилгеси менен экономика секторлорунун учурдагы абалы жана келечектеги инновациялык өнүгүү багыттарына арналган көптөгөн эл аралык илимий-практикалык конференциялар уюштурулуп, чыгарылган жыйынтыгы Жогорку Кеңешке, президенттик аппаратка, өкмөткө сунушталган. Мындай конференцияларга көптөгөн чет өлкөлөрдөн мыкты окумуштуулар, коомдук-саясый ишмерлер менен биргеликте өткөрүлүп, атактуу илимпоздор байма-бай катышкан эле. Мисалы, 2009-жылы Корея Республикасынын бир нече мыкты университеттери менен биргеликте «Улуу Жибек жолундагы өлкөлөрдүн бизнесин жана экономикасын баалоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөн. Бул жыйынга Кореядан эле 29 илимдин доктору, профессорлор катышып, илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы менен тең бөлүшкөн.

Окуу жайдын окутуучу-профессорлук курамы жыл сайын эл аралык, республикалык, окуу жайлар аралык деңгээлдеги илимий-практикалык конференцияларга, түрдүү конкурстарга арбын катышат. Акыркы жылдардын ичинде жамааттын профессорлук курамы 2000ден ашуун доклад менен чыкса, анын ичинен теңине жакын докладдар эл аралык конференцияларга туура келген. Мындай жыйынга катышкан илимпоздордун бир тобу кызыктуу жана маанилүү доклад жасашып, жыйынтыгында түрдүү байгелерге ээ болушкан. 

Төлөбек Кадыралиевич Кыргыз Республикасында билим берүүнүн системасын өркүндөтүүгө, базар экономикасын калыптандырууга, жогорку квалификациялуу адистерди жана илимий кызматкерлерди даярдоого, элдердин ортосундагы биримдикти бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик бир катар сыйлыктарга дагы татыктуу болгон. 

Ар бир убактын, замандын өзүнө тийешелүү баалуу кадрлары калыптанат тура. М.Рыскулов атындагы Кыргыз экономикалык илимий изилдөө университети, жок жерден бар кылып, карандай эмгеги менен туруктуу түптөп, төө көтөргүс салым кошуп, тарыхта из калтырган тунгуч ректор, дасыккан профессор Т.К.Камчыбековдун куттуу билим очогун учурда ректор, экономика илимдеринин доктору А.Т.Кадыралиев улам барган сайын окуу прцессине, илимий изилдөө иштерине инновациялык алгылыктуу ыкмаларды кеңири колдонуу менен жаңы сапаттарга көтөрүп, илгерилетип жатат. Айрыкча эл аралык алкакты айкалыштыра жүргүзгөн алгылыктуу ишмердүүлүгү, студенттерге, магистрант, аспиранттарга, докторанттарга илим кандидаттары менен докторлоруна заман талабына шайма-шай келгидей экономика жаатындагы миң сырдуу купуяларын тереңдетип окутууну өзгөчө ыргак менен жүргүзүп жаткандыгын баса белгилөөгө болот. 

Бир кездерде турмуштун узак сапарына аттанып, агайларынын таалим-тарбиясына каныгып, батасын алган Төлөбек Кадыралиевич көптөн бери турмуштун чордонунан, аракетинен, изденүүсүнөн топтолгон илим-билим казынасын эми шакирттери менен бөлүшүп, алга сүрөп, жаштарга өрнөк көрсөтүп, насаатчы болуп, алакан жайып агайларындай ак батасын берип келе жатат. Адам алдыга умтулуп, турмуштун далай белестерин ашып, ачуу-татуусун башынан өткөрүп, аракети, жасаган эмгеги текке кетпей жанып, жамаатынын сүймөнчүгүнө ээ болуп, калдайган калкынын кадырына арзыгандан артык бакыт болбосо керек. 

Төлөбек Кадыралиевич, кутман курак кут болсун! Орошондуу, байсалдуу, талыкпаган, татыктуу өмүр жолуңуз улана берсин.


Арзыбек Кожошев (министр), Данияр Амангелдиев (министр), Көбөгөн Атышов (профессор)  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер