Акыркы кабарлар
» Саясат » Өз билген намазын окуган Бейшеналиев медицинанын түбүнө жетеби?
Өз билген намазын окуган Бейшеналиев медицинанын түбүнө жетеби?
20-декабрь, 09:30
1 129 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кардиология институтунун жамааты менен жолугушуп, сүйлөшө албай, кайым айтышуу башталып, министрдин кадыр-баркы жок экени ачык эле көрүнүп калды. Ал айласы кеткенде директор Акбай Сарыбаевди кызматтан алган буйрукту окуп, залдан чыкканча шашты. Анан да кетип баратып, “я вас посажу” деп эмгек жамаатына кайрылды. Бу министр Алымкадыр Бейшеналиев Берия болоюн деп калганбы? Болбосо, өзүнүн кесиптештерине колун кезеп, минтип айтканга анын акысы барбы? Бу министр этика, маданият дегенди качан үйрөнөт, же ушинтип эле өз билген намазын окуй берип, медицинанын түбүнө жетеби?..
"Азия Ньюс" гезити