Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Ташиев бар кезде тышкы күчтөрдүн арам ойлору ишке ашпайт”

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Ташиев бар кезде тышкы күчтөрдүн арам ойлору ишке ашпайт”

13-февраль, 09:00
814 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбай мырза, сырткы күчтөр, Батыш өлкөлөрүнүн биздеги ички саясатка таасири канчалык? Чын эле алар Кыргызстандын туруктуулугун бузууга кызыкдарбы?

-СССР урагандан кийин эле Борбор Азия АКШ менен Европа үчүн стратегиялык регионго айланган. Себеби, Россиянын таасирин кескин түрдө азайтып, өздөрүнүн позициясын бекемдеп, ушул маанилүү региондон Россия, Кытай, Иран жана Түркияга геосаясатты жүргүзүү. Ал оюнан Батыш ушул күнгө чейин кайта элек. Керек болсо, максатына жетүү үчүн өздөрү каржылап жаткан күчтөргө (чет өлкөлүк агенттерге) азыркы бийликке ким оппозицияда болсо, баары менен бириккиле, каршы акцияларды бирге уюштургула жана бийликти кулатып, коалиция түзүп, башкаргыла деп буйрук бергени байкалып эле турат. 

Сөзүм куру болбош үчүн мисал келтирейин. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого нараазылык туулуп, эл борбордук майданга чыгышканда, батышкулдар менен орускулдар биригип кетишкен. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери эрдикти, эркти жана өжөрлүгүн көрсөтүшпөгөндө, алар бийликти алып алышы ыктымал эле. 2021-жылы кабыл алынып жаткан Конституцияга да алар биргелешип каршы турушту. Ошол эле жылкы парламенттик шайлоодо да бири-бирин колдошту. 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагыч маселеси боюнча да батышкулдар менен орускулдар биригип алышып, бийликке каршы митингдерди өткөрүштү. Акыркы мисал, туу жаңылануу жана чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеште талкууланып жатканда, кайра бирге каршы чыгышты. Кыскасы, камакка алынгандар боюнча да бир позицияны карманып келе жатышат. 

-- Кыргызстандагы саясый кырдаалга кандай окуялар, себептер тескери жыйынтыгын бериши мүмкүн? Орчундуу көйгөйлөр жарала элекпи?

-Кыргызстанда саясый кырдаал эки нерседен көз каранды. Биринчиси, бийликтин туруктуулугу жана инфляцияны ооздуктоо. Чет өлкөдөн каржыланып турган арам ойлуу саясатчылар, НПОчулар, журналисттер жана блогерлер элди көтөрүүгө дагы бир нече жолу аракеттенишет. Буга чет өлкөлүк эмиссарлардын тез-тез келип баштаганы, “тигил же бул мыйзамды кабыл албагыла” деп ички саясатыбызга чейин аралашкандары жана Кыргызстандагы чагымчыл күчтөрдү каржылоосу күчөгөнү жана көбөйгөнү. Керек болсо, Россияда ишке ашыра алышпаган долбоорлордун акчаларын да Кыргызстанга жумшап жатышат. Эң негизги максаты – алгач Камчыбек Ташиевди элге жаман көрсөтүп, эки достун тандемин талкалап, Садыр Жапаровду жалгыз калтырып, күч менен бийликти тартып алуу. Камчыбек барда бул арам ойлору ишке ашпаганын өздөрү да билишет. Ажонун командасындагы калган мүчөлөрүнөн алар коркушпайт. Алар 2021-жылкы президенттик шайлоодон кийин Садыр Жапаровго кандай жабышышса, ошондой эле кийинки президенттин командасына да уят-пуятты жыйыштырып, ошондой эле чуркап киришет!

Экинчиси – тышкы фактор. Биринчи кезекте чек ара маселеси. Кемпир-Абад суу сактагычын шылтоо кылып, Өзбекстан менен мамилебизди ырбытканга жасаган аракеттери ишке ашпады. Эми болушунча Тажикстан менен чыр-чатакты чыгарууга аракеттенишет. Тигил же бул текебер саясатчылардын чагымчылары “тажиктерге тиги жерибизди, бул жерибизди эки дос сатып жиберишти!” деп салган ызы-чуусу ишке ашпаган соң, алар жаңы ыплас иштерин даярдоодо. Аларга чоң жардамын “Азаттык”, “Кактус”, КЛООП, “Next TV”, “Настоящее время”, “Тemirov live” жана батышчыл бөлөк маалымат ресурстары активдүү көмөктөшүүдө. Мындан тышкары, Россия, Кытай жана Казакстан менен мамилелерибизге да диверсиялык чабуул жасашы мүмкүн. Албетте, ал иш аракеттерин Батыштагы кожоюндары аныктап, тапшырма беришет. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун же бөлөк ири инвестициялуу долбоорду саботаж кылуу… 

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер