Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Матраимов: “10 миң даана эң жогорку сапаттагы тесттерди алдык”

Искендер Матраимов: “10 миң даана эң жогорку сапаттагы тесттерди алдык”

31-март, 15:17
5 169 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду коронавируска каршы күрөшүүдө көп багытта иштеп жатат. (Ырааттуулук үчүн этап-этабына жараша маалыматтарды бөлүп берүүдөбүз.) Оор кезде элге кол сунганы, миллиондогон каражаттарды сарптап, апааттан чыгуу үчүн салым кошуп атышканы коомчулукту кубандырууда. Ыңгайга жараша ЖК депутаты Искендер Матраимовдун Фейсбуктан тараткан билдирүүсү менен бөлүшмөкчүбүз:

“Гуманитардык жардам көрсөтүү иретинде, биз коронавирусту кыска убакытта аныктоочу экспресс-тесттерди бөлүштүрүү үчүн эпидемиолог-дарыгерлер менен биргеликте жумушчу топ түздүк.

Адамдын канындагы коронавирустун илдетин аныктоочу бул экспресс-тесттердин 10 миӊ даанасынан 5 000 даанасын республикалык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине өткөрүп бердик, жана жарымын Оштогу бөлүмүнө узаттык. 

Бүгүн дагы 5 000 даанасын алып келип, саламаттыкты сактоо министрлигине бекер өткөрүп берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Жумушчу топ, тесттердин эффективдүүлүгүнө күмөн санап, аларды кылдат текшерүүгө алышып, мындай тесттердин бир канча вариантына салыштырып көрүшкөн. Тилекке каршы, учурда дүйнө жүзү боюнча мындай тесттер абдан жетишсиз болуп турган учуру.
 Алардын көбү өндүрүп чыгаруучу ишканалардын товардык тизмесинде болгону менен учурда сатыкта жетишсиз болуп турат.

Биз, таажы ылаӊын аныктоочу тесттердин көбүн карап чыгып, алардын ичинен эӊ жогорку сапаттагы, мыкты деп эсептелингенин алдык. Бул тесттер акыркы – төртүнчү муундагы тесттер. Өндүрүүчүнүн сапаты аныкталган Германиядан алынган лицензиясы бар. (Буларды тастыктаган баардык тиешелүү сертификаттары тиркелди).
 Бирок, коомчулукка түшүнүктүү болуш үчүн айтып кетишибиз керек. Экспресс-тесттер аэропорт, автовокзал сыяктуу сырттан келүүчүлөрдү кабыл алуучу жайларда илдетти тез, алдын ала аныктоого багытталган. Алар дарыгерлер койгон так акыркы диагнозду кое албайт. Адам коронавирус илдетин чын эле жуктуруп алганбы же жокпу (?) деген суроого жоопту дарыгер гана оорулудан баардык тиешелүү анализдерди алгандан кийин айтат.

Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду дүйнө жүзүн, анын ичинде Кыргызстанды каптап келген коркунучтуу илдеттен адам өмүрүн, ден-соолугун сактап калууга аракет кылып жаткан саламаттык сактоо министрлигине көмөк көрсөтүү иретинде гана жана соопчулук үчүн жардам берип келүүдө.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер