Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакай Кашкарбаев качанкыга чейин тайраңдайт болду экен?

Бакай Кашкарбаев качанкыга чейин тайраңдайт болду экен?

14-ноябрь, 14:19
537 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Арматура менен жанчыгыч” Бакай Кашкарбаев жалгыз өзү төңкөрүш кылгандай эле опурулуп жүрөт. “Урунарга тоо, урушарга жоо таппай” дегендей. Элдик көзөмөл кылуучу топтун лидери болуп алыптыр, муну эч ким шайлаган эмес. Тек гана өзүм билемдик. Улам бир саясатчыга асылып, куру жалаа жабуу менен шугулданууда. Колунда бир документ жок. Айтор, мамлекетти башына кийип алгандай эле кутура береби? А баса, жакында Сыймык Жапыкеев “мен садыровчу эмесмин, “чоңказатчымын” деп айтып койсо, Бакай Кашкарбаев ага улам асылып, чыр-чатак чыгарууга далалат кылды. Аягында Сыймык Жапыкеевдин төрт баласы “арматура менен жанчыгычты” кечирим суратып, сес көрсөтүштү. Кыскасы, Садыр Жапаровдун жанындагы айрым эстүүлөр бул “баатырды” тыйып коюшпаса, аягы жакшылыкка алып барбайт. Кыжыры келгендер арбый баштады. Качанкыга чейин тайраңдайт болду экен?..


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер