Турсунбек Акун: “Бийликтегилер Суваналиевге музоо кездеринде сүздүрүп коюшуптур”

Акүйдүн пиар-технологу Турсунбек Акун Бишкектин чок ортосундагы Viktory бизнес борборунан офис алып, айланта кылычын чаап, оппозициялык көз караштагы саясатчылардын баарын шылып келатат. Бизге байланышка чыгып, мурдагы ички иштер министри, генерал Өмүрбек Суваналиевдин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого аттанганына туталанды. Бирок, катуу кеткен жок. “Комиссар Каттани” гана мындай эрдикти жасай аларын кошумчалады.
“Коопсуздук кеңешинде орун басар болуп отурган Өмүрбек Суваналиев кызматын тапшырбай туруп, президенттин элдешкис душманы Адахан Мадумаров менен биригип кеткени кандай? Эми Соке досума болушам да. Бийликтегилердин баары “Каттаниден” коркуп калышыптыр. Мына, бири да үн чыгарып, сын-пикир айтканга жарашкан жок. Музоо кездеринде сүздүрүп коюшкан го. Бирок, мен жакында сындайм. Моралдык кодексти айтам, коопсуздук кеңешинен кетип туруп, “Бүтүн Кыргызстанга” кошула бербейби? Ооба, бир чети кызматын тапшырбаса деле мыйзам жол берет экен, ал ушул жагына басым кылып, атайын принципиалдуу туруп атканын карабайсыңбы?! Суваналиев таза, тажрыйбалуу, эр жүрөк! А азыркы кылып атканы кандай? “Колуңардан эмне келет?” деп атат да... Эми “Бүтүн Кыргызстан” чыныгы оппозициялык күчкө айланды, Жогорку Кеңешке өтүп келсе, парламенттен сын айтышат, көчөгө толкуп чыгышпайт. Ал эми “Ата Мекен” жасалма болуп калды, түнкүсүн бийлик менен ымдашып, күндүз каршы сөз айтымыш этишет. Ушундай да эки жүздүү болушабы? Балээнин баарын “Балашка” кылып атат. “Замандаш” да жарабайт...” деп Тукебиздин төгүп бараткан жерин кыскартып, учкай гана үзүндү берүүнү туура көрдүк.
Aryba.kg