Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлүм тууралуу күндө ойлоном, акыркы катты жазып койгом...

Өлүм тууралуу күндө ойлоном, акыркы катты жазып койгом...

25-январь, 15:43
1 878 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күндө ойлоп жүрөм өлүмдү. Акыркы катты жазып койгом, мүлктү да эки балама бөлүштүрүп, банктагы эсебимди аларга жана жолдошума калтырам. Мен өлгөндө майрам сыяктуу тынч, кыйкырык-өкүрүксүз көмүп коюшат. Өлүгүм Казакстанда, Россияда же болбосо чет элде калып кетишин каалабайм. Бирок билем, өлгөндөн кийин жашоо жок экенин. “Бейиштерде алма бак аралап жүрөм” деген арсыз ойлордон, үмүттөрдөн алысмын. Мен ким элем бейиште жүргүдөй? Кайсы кыйраткан ишим үчүн? Куру кыялдар жок менде. Бирок, өлүмдө чоң сыр бар экенин да билем, кээ бир гана пенделерде. Адамдын жаралуусунда да көп сырлар бар билгенге. 

Бирок менин досторум каерде өлсө, ошол жерге эле көмүлүп жатат. “Өлсөм  өрттөп, күлүмдү чачып жибергиле” дегендери да көп. Досторумдун өлүм жөнүндө жазган каттары жок экен, көпчүлүгү өлбөстөй жашап жүрө беришиптир.

Мен күндө өлүп калчудай жашайм, өлүгүмү алып кетүүгө да каражат сактап койгом. Өлүм өзүнчө керемет, төрөлгөндөгүдөй эле түшүнгөнгө. Мисалы, мен жакшы өлгөндү каалайм. Уул-кызыма көп каражат калтырам. Эсеп ачып, өмүр бою салып жүрөм. Жолдошум мен өлгөндөн кийин тирүү болсо, жалгыз жүрбөй, менден да жакшы аялга үйлөнүп, бактылуу болушун каалайм. Эртең өлсөм да, менин өлүмүм жакындарымдын өмүрүн ойрон кылбаш керек. Мен мисалы, сайрандап, акыркы акчама жашай берген жоопкерчиликсиз аял эмесмин. Күндө элестетем, мен өлсөм, уулум менен кызымда жана жолдошумда кандай көйгөй болушу мүмкүн? Ошолорду билдирбей алдын ала чечип койгом.

Вирустан деле канчалар өлүп кетти?.. Жоопкерчиликтүү жашагандан кийин ошого жараша өлө да билиш керек. Ойсуз адам гана “кокустан өлдүм” деп өлөт. Өлүм күндө жаныбызда жүрөт сезгенге, сезбегенге баары бир, тууган-уругун ызылдатып, доңкоюп өлүп калат, ойсуз жаралып, маанисиз кетет...

Мисалы, мен өлгөндө адамдар топурап батага келишин каалабайм. Өзүмдүн  тирүүмдөгү гана жакындарым коштошсо жетишет. Тирүүмдө тааныбаган, өлгөндө таанып эмне кереги бар? Эгоизмден арылган инсан гана өзүнүн өлүмүнөн кийин калган жакындарынын өтө бактылуу болушуна шарт түзүп, анан өлөт. Эгоизмден арылган инсан гана төрөлө элек балдарына, чыга элек жолдошуна кам көрүп, шарт түзүп, анан турмуш жолун баштап, анан төрөйт балдарын. Плансыз жашаган болсоң, плансыз өлөсүң, жоопкерчилик мойнуңа албай, алууга эгоизмиң жетпейт. Өлүм – чоң философия. Өмүрдөн каалоо болсо кайра жараласың, чоң пайдалуу миссия менен кайра келесиң. 


Зейнеп 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер