Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов, аналитик: “Кыргызстан депрессияга баткан өлкөлөрдүн сап башында турат”

Адил Турдукулов, аналитик: “Кыргызстан депрессияга баткан өлкөлөрдүн сап башында турат”

18-октябрь, 21:09
1 791 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламенттик шайлоого баары баратышат... Партиялардын тизмеси... Кылмыш иштерине шектелген "ышкыбоздорго" кандай баа берсе болот? 

-- Шайлоо жаңы тартипте өтүп жатат. Башкы өзгөрүүлөр – преференциалдык тизме жана бир мандаттуу шайлоо. Бул өзгөрүүлөр саясатчылардын басымдуу бөлүгүн бир мандаттуу шайлоого барууга түрттү. Мурун капчыктуу талапкер өтө турган бир партияны тандап, биринчи бешиликке кирип, мандат алчу. Азыр андай кепилдик жок. Биринчиден, партия утуш керек, андан кийин сен дагы партиянын ичинде утушуң зарыл. Бул машакаттуу жол. Ошондуктан капчыктуу жана аты бар саясатчылар үчүн бир мандаттуу шайлоого барууга жеңилирээк. Бирок мында олуттуу тобокечиликтер да пайда болду. Эгерде бир жыл мурун утулган партиялар биригип Жээнбековду тактан кетирсе, азыр утулган олигархтар биригип өзүнүн округундагы шайлоону тааныбай коюуга барышы мүмкүн. Биз муну 2005-жылы жазында башыбыздан кечирбедик беле? Анда жолду тосуп алуу аракети кенен жайылган. Талапкердерди марадан алып таштаган үчүн Садыр Жапаровдун тарапташтары Балыкчы–Каракол жолун тосуп, Арсланбек Малиевдин колдоочулары Балыкчы–Каракол жолун бууп, Акылбек Жапаровдун шайлоочулары Бишкек–Торугарт жолун жаап, Дооронбек Садырбаевдин жердештери болсо Бишкек–Ош жолун тосуп алган. Мындан кийин 4-мартта Жалал-Абаддагы обладминистрацияны басып алышкан. Бул нерсе кайра кайталанбайт (!) деп эч ким айта албайт. 

-- Саясатка аралашкан шектүү талапкерлер катары кимдерди атасак болот? 

-- Азыр парламентке катышууга баарына мүмкүнчүлүк берилди. “Бакиевчил”, “батышчыл”, “орусчул”, “улутчул”... деп сыпатталгандын баары шайлоого баратышат. Бир жагынан бул жакшы, демократиянын көрсөткүчү, бирок экинчи жагынан бизде люстрация принциби иштебей жаткандыгынын белгиси. Кылмыш иштерине бир нече жолу кармалып, тастыкталган контрабандисттерге чейин катталган талапкерлер бар. Баардыгына өзүн “химчистка” жасап, кайра “саясатчы” деп аталганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондуктан оор кылмыш менен соттолгон адамдын депутат болуусуна мыйзам нугунда бөгөт коюлушу керек. Парламент кайрадан эле олигарх, чала бандит, трайбалист өкүлдөрүнүн ордосу болуп калышы толук мүмкүн. Трайбалист дегеним, өз районунан шайланган адам парламенттик трибунадан жалаң гана жердешчиликке басым жасайт, өзүнүн кичи мекенинин кызыкчылыгын гана лобби кылууга аракет көрөт. Бул жерде жалпы улуттук кызыкчылыкты коргогон үндөр аз болуп калышы мүмкүн. Мындан мамлекет уттурат. 

-- Былтыркы шайлоодон сабак алабызбы? Бийлик таза жүрүштү камсыздай алабы?

-- Бийлик эгерде чыныгы тазаланууну көздөсө, өткөндөн сабак алса, мурунку шайлоодо массалык түрдө сатып алуу менен алектенген “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Кыргызстан” партияларынын талапкерлерин бул жолку шайлоого жолотпош керек эле. Атайын мыйзам кабыл алса да туура болмок. Эми “кайрадан сатып алуулар болбойт” деп эч ким кепилдик бербейт. Сатып алуунун жаңы түрлөрү пайда болду. Талапкерлер, партиялар электрондук капчык аркылуу добуш сатып алууга барганы жатышат. Бул ыкма Ош, Бишкек шаарында, студенттердин арасында жайылышы толук мүмкүн. А негизинен элдеги психологиялык абал кооптуу. Мисалы, абройлуу Lancet басылмасы жакында коронавирустун кесепети боюнча бир чоң иликтөө жарыялаптыр. Анда 204 мамлекеттин ичинен депрессияга баткандардын ичинен Кыргызстан алдыңкы орунда экен. Терең депрессияга баткандар 38,7% (кошуналарыбыздан кыйла өйдө). Бул бир жыл мурункудай эле элдин пессимисттик көз карашы төмөн экенин белгилейт.  Пандемиянын кесепетинен 300 миң адам (5,2%) кедей катмарына кошулду. Өтө кедейлердин саны 60 миңге өстү. Ошондуктан элдин башынын катканы дагы – баалардын кымбаттаганы. Өзгөчө көмүргө баанын кескин түрдө көтөрүлгөнү өтө кооптуу, анткени шайлоо кыш убагына туш келди. Бул да элдин нааразычылыгына чоң негиз. Андан тышкаркы маселелер да курч бойдон – Кумтөр маселеси, кургакчылык, насыячылар маселеси, энергокризис. Бул маселелерди талапкерлер добуш алуу үчүн ого бетет кызытат, курчутат. Элдин маанайы ошол себептен шайлоону утурлай, суукка карабай, ого бетер курчуп, жалпы толкундоолорго алып кетиши мүмкүн. 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер