Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дарыгерлер баш оорунун негизги коркунучу тууралуу айтып беришти

Дарыгерлер баш оорунун негизги коркунучу тууралуу айтып беришти

28-июнь, 16:44
2 992 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баш оору – мээ рагы тууралуу сигнал берүүчү эң көп жайылган симптом болуп саналат. Бул тууралуу британиялык кайрымдуулук уюмуна шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Адистер буга чейин баш оору көйгөйү болбосо дарыгерге барууну кийинкиге калтыбоону сунушташат. Мындан тышкары, баш оору тынымсыз, түнкү убакта дагы уланса, анда буга олуттуу кароо керек.

Башка белгилердин арасында адам өмүрүнө өтө коркунучтуусу – жүрөк айлануу жана көздүн көрүүсүндөгү көйгөйлөр болуп саналат.

Баш мээдеги шишик – аномалдуу көзөмөлсүз клеткалык бөлүнүү процессинен келип чыккан баш сөөктүн ичиндеги залалдуу же залалсыз ар түрдүү кубулуштардын гетерогендүү тобу, алар мурда мээ ткандарынын кадимки компоненттери болгон же башка органда жайгашкан баштапкы шишиктин метастазасынан келип чыккан.

Мээ рагын дарылоо кыйын, анткени ал өтө инвазивдүү. Операциядан же химиотерапиядан кийин дагы рак клеткаларынын айрымдары калып калуу коркунучу жогору болуп, рак кайрадан өрчүшү мүмкүн. Мындан тышкары, айрым мээ шишиктери көп жылдар бою залалсыз жүрүп, кийин тез эле залалдуу шишикке айланып кетиши мүмкүн.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер