Акыркы кабарлар
» Саясат » “Мыйзамсыз баюуга” шектелген Абжалиев качып кетип, байлыктарын сактап калдыбы?
“Мыйзамсыз баюуга” шектелген Абжалиев качып кетип, байлыктарын сактап калдыбы?
06-май, 00:08

Сокенин бийлигинин тушунда кудасы Алиярбек Абжалиев үй-бүлөсү менен эсепсиз байып, Кудайын тааныбай калганы эсибизде. Мамлекеттик мүлктөргө, жерлерге ээ болгонун, бизнестери дүркүрөй баштаганын кантип жашырасыңар? Тилекке каршы, өткөн күздө бийлик алмашканы депутат Абжалиев алактап калганы, көп узабай “Мыйзамсыз баюуга” шектелип, өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон. Учурда сыртта жүргөнү менен мал-мүлктөрүн, байлыктарын жакын адамдары аркылуу сактап калганы каңкууланууда. Кыргызстанда гана ушундай: каалагандай тоношот да, безип кетишип, аягында байлыктарын жакындарына жаздырышып, жол таап кетишкеничи?
"Азия Ньюс" гезити