Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Июнь коогалаңына баа берүүдө кандай сыр катылып жатат? Саясый тиреш уланабы?

Июнь коогалаңына баа берүүдө кандай сыр катылып жатат? Саясый тиреш уланабы?

10-апрель, 22:07
799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Июнь коогалаңына баа берүү, убактылуу өкмөттүн жоопкерчилигин кароо таризинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кандай кадамга барышы мүмкүн? Эл аралык комиссия бул маселени текшергени эсибизде. Кандай дейсиз, кан төгүүгө күнөөлүүлөр көз жаздымда калышты беле? Деги эле бул окуяга кайрылуунун артында кандай жагдайлар болушу мүмкүн?” деген суроону укук коргоочуларга узаттык. Жооптору бир кылка болгон жок.

Азиза Абдрасулова:

-- Июнь окуясын кайра иликтөө демилгеси мен үчүн бир чети күтүүсүз болду. Экинчиден, толкунданып да отурам. “Максаты эмне? Эмнени көздөп атат?” деген суроо мени түйшөлтүүдө. Себеби, бул өтө терең трагедия. Аны 11 жыл өтүп кеткенден кийин толук кандуу иликтөө таптакыр мүмкүн эмес. Себеби, биздин “Кылым шамы” уюмунун эсеби боюнча каза болгон 192 адамдын тизмесин түзгөнбүз. Эки миңден ашык үй-жай, эки миңден ашык соода борборлору, түйүндөрү өрттөлгөн. Канчалаган машиналарды айдап кетишкен. Бир топ үй жаныбарларын алып кетишкен. Эсеби сансыз үйлөр тонолгон. Үйлөрүнө бекинип калган канча үй-бүлөнү түп-орду менен өрттөп ийишкен. Мындай фактылар жүздөп саналат, аларды толугу менен айтып бере алам. Учурунда бул жагдайга саясый да баа берилген жок. Анткени июнь окуясын иликтөө боюнча улуттук комиссияга мүчө болгом. Абдыганы Эркебаев бизди жетектеген. Бир тараптуу иликтөө жүргөнүн ачык эле айта алам. Кээ бир фактылар камтылган документтер жабылуу бойдон ачыкка чыккан эмес. Мен жалгыз болуп калгам. Акыры ал комиссиядан чыгып кеткем. Бирок, ошол жана бир топ документтер сакталып калган. Ошо кезде өзүбүздүн отчетторубузду өкмөткө, тийешелүү министрликтерге жазганбыз. 

Чек арага жакын жайгашкан погранзаставалардан, аскердик бөлүктөрдөн курал-жарактар, БМП, БТРлер алынып кеткен. Ушулардын баары убагында иликтенген эмес, азыр иликтене коёт деп айтуу кыйын. Максаттары эмне экенин да айта албайм. Керек болсо ошо кезде Майлуу-Суунун аскердик бөлүгүнөн 26 автоматты ок-дарысы менен алып чыгып кеткен жигит бүгүн эң жогорку мамлекеттик кызматта отурат. Анан кантип иликтенет?! Мээ жетпейт... Тыянагында эмнени күтүп атышканы белгисиз. Көп нерсени билсең да жаман экен. Андан көрө билбей эле койсом болмок. Ушундай эки боордош элдин ортосундагы жарака бүтөлүп, кыз алышып, кыз беришип, базары бир, мазары бир болуп турган учурда кандай бүтүмдү каалап атышканы мага түшүнүксүз болуп турат. Андан көрө мындан кийин ушундай трагедия болуп кетпешинин алдын ала чара көрүү жагын пландашса болмок.

Төлөйкан Исмаилова:

-- Мындай демилгени “Бир дүйнө” коому кубаттайт. 11 жыл өтүп кетсе да андагы каргашалуу окуянын эмнеден келип чыкканын, эмне менен бүткөнүн, болгон чындыкты кыргыз коомчулугу, эл-журт билиши керек. Эгер кимдир бирөө күнөөлүү болсо, эл алдына жооп бериши абзел. Мыйзам алдында жоопко тартылышы шарт. Антпесе кылмыштар кайталана берет. Андагы окуянын сырлары, баардык тийешелүү документтер Камчыбек Кыдыршаевичтин колунда турат. Толук кандуу иликтегенге мүмкүнчүлүгү да жетет. Менимче, андагы комиссия толук кандуу ачып бере алган эмес. Себеби, бийлик башындагылар мүмкүн өздөрү аралашкан чыгар. Ошондон улам кээ бир жагдайларды комиссия ачык айта алган эмес. Эми айтышса болот. Камчыбек Ташиевдин бул демилгеси мага жакты. Кыргыз эли өз баатырларын (“баатырларын”) билгени оң.  

Рита Карасартова:

-- Азыр биз полицейский мамлекетке айланып баратабыз. Прокуратуранын укуктарын кеңейтип, улуттук коопсуздук кызматына чексиз укуктарды берип, каалаган кишини каалаган учурда кылмышкер кылып койгонго мүмкүнчүлүк бар. Эми баары бүткөнсүп, “келгиле, ушул маселени талдайбыз, карайбыз” деген себеби да ошол. Убактылуу өкмөттө жүргөн кишилердин тизгинин тартып, “көп сүйлөбөй, бийликке сын айтпай тынч отур” дегенге алып баратышат. Бул ачыктан-ачык көрүнүүдө. Экинчиден, биз баарыбыз билебиз, азыркы бийликтегилер Бакиевдин командасында жүрүшүп, майлуу-сүттүү Кумтөр Кыргызстандын колунан кетип атканда унчукпай отурушуп, анан депутат болушканда бир-эки жолу Кумтөрдү кыйкырып коюшкан. Болбосо, Бакиев менен сонун эле иштешип, сонун эле келишимдерге макул болуп келишкен да. Бүгүн “иш жүзүндө Бакиевдин командасы кайтып келип атат” дегенге толук негиз бар. Ошон үчүн “2010-жылы ушуну кылдыңар беле? Эми биз силерге көрсөтөбүз, ошо ишиңердин тыянагын...” деп кылмыш ишин козгоого барчудай болуп турушат. 

Клара Сооронкулова:

    -- Менин оюмча, бул жерде кандайдыр бир саясат болуп атат. 2010-жылдагы кандуу окуяны, андагы жараатты кайрадан чукуп, жаңыртуунун кереги бар беле? Канчалаган үй-бүлөлөрдүн, адамдардын тагдырына кара из калтырган окуяны козгоонун эч бир кереги жок. “Улуттар аралык кастык козголуп кетпейт” деп ким кепилдик бере алат? “Учкундан жалын тутанат” болуп, бирөө-жарым туура эмес сүйлөп койсо, же туура эмес кадамдарга барса, баары ырбап кетиши да ыктымал. Аны азыр эч ким айта албайт. Менимче, бу жерде жөн эле өч алуу болуп аткансыйт. Кыргызстандын азыркы акыбалында мындай булганыч саясаттан алыс болушубуз керек.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити  


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер