Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түрмөдөн чыгып келген күйөөм башыбызга түшкөн азап болду

Түрмөдөн чыгып келген күйөөм башыбызга түшкөн азап болду

24-декабрь, 22:58
4 547 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөм түрмөдөн чыгат деген күндү биз үмүт менен күттүк. Балдарым менен бирге оор күндөрдү өткөрдүк. «Баары жакшы жагына өзгөрөт» деп ишендик. Бирок ал адам биз күткөндөй болуп чыкпады.

Үйүбүзгө тынчтык эмес, коркунуч кирди. Балдарымды муштайт, мени да урат. Ар кимге жабыштырып, намысыбызды тебелеп, кордогону көнүмүшкө айланды. Бир күнү адам сыяктуу, экинчи күнү айбанча мамиле кылат. Балдарымды бычак менен коркутуп, көз жаштарын төгүлтөт, айтор, алдастаган абалда жашап калдык.

Бизде тынч жашоо жок. Колуна тийген нерсе менен урат, ар бир сөзү кордоо, кылган аракети зомбулук. Бул жашоо эмес, күн сайын кайталанган азап.

Мындай зомбулукка чыдоого болбойт. Балдарымдын да, менин да өмүрүм коркунучта. Ушундай адамдан кантип мыйзамдуу жол менен коргонобуз? Кайсы органга арыз жазсам болот? Адилеттик кайда? Бизге тынчтык керек...


Мээрим

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер