“Бийликтен кеткендер, “кустурууга” кабылгандар төңкөрүшкө барышы мүмкүн”


-- Акыркы кездери “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген кине менен кармалгандар көбөйүүдө. Өлкөбүздө чын эле төңкөрүш жасоого аракеттер көрүлүп атабы, же кандай?..

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:
-- Биздин өлкөдө төңтөрүш-революция жасап көнүп калышпадыбы. Ошондон уламбы, айтор, бийликке умтулгандардын саны көп. Алар мурунку төңкөрүштөрдүн ыкмаларын колдонуп, бийликке жетүүгө аракет кылып келе жатышат. Андан тышкары, бийликтен кеткендер, “кустуруу” программасы аркылуу какыс-кукус болгондор төңкөрүшкө барышы мүмкүн. ТВдан баамдагандай, кармалгандардын граждандык кагылышууга жетиштүү курал-жарагы бар экенин көрсөтүштү. Демек, өлкөнүн коопсуздугу үчүн кооптуулук жараткандардын баарын дыкат текшериш керек. Ага мыйзам жол берет.

Төлөгөн Келдибаев, саясатчы:
-- Кыргызстанда кармалып жаткан активисттерди, алардын сот жообуна тартылып жатканын көрүп жатабыз. Мен билгенден беш-алты жаран “чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга, басып алууга чакырыктарды жарыялаган” деген доомат менен сот жообуна тартылып кетишти. Кээ бир жарандардын юридикалык билими жоктугунан соцтармакта сүйлөгөн сөздөрүнүн маанисине терең түшүнө албай жатышат. Бирок аларды камап, соттоп салардан мурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жазуу жүзүндө эскертүүнү колуна карматса болот эле.
Фейсбук социалдык тармагынын активдүү колдонуучуларынын бири Каныкей Аранова деген жесир келинди окуучу кызы менен Россиядан кармап келип, Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “бийликти күч менен кулатууга чакырыктарды жарыялаган, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттерди жүргүзгөн. Өзүнүн баракчасында чагымчыл интернет булактары аркылуу ачык чакырыктарды жазып үгүттөгөн” деп Бишкек шаардык соту 3 (үч) жыл 6 (алты) айга эркинен ажыратуу жазасын берүү жөнүндөгү өкүмүн 2024-жылдын 28-июнь күнү чыгарып, сот залынан камакка алынды.
Фейсбук социалдык түйүнүндө Каныкей Арановага тийешелүү болгон кириллица менен жазылган баракты дайыма өзү колдонуп келген. “Менин атымды колдонуп фейк ачкан адам балага зар болуп, жаман пост жазган колу шал болсун” деп 2023-жылдын 20-январь күнү жазган эле. Эми Каныкей Арановага карата кастык кылгандар Kanikei Aranova деген фейк аккаунт аркылуу чагымчыл сөздөрдү бирөөлөр жазып, жок жерден жалаа жабылып камалып кеттиби (?) деген ой келет.
Азыр Кыргызстанда бийликке каршы болгон саясый уюмдар же кыймылдар деле жок.

Нурлан Мотуев, карыз өндүрүүчү:
-- Мамлекетке кооптуу жагдай жараткан бузукуларды убагында кармап, камап, байлыкка, бийликке жутунгандарды тизгиндеш керек. Анткени, алар өлкөдө болуп жаткан өнүгүп-өсүүнү көрбөй жатышат.
Мына, канча жылдан бери тамтыгы чыккан жолдор оңдолууда. Түндүк-түштүк трассасы колдонууга берилет. Айлык, пенсия, пособие көбөйдү. Көп кабаттуу үйлөр салынып, көп сандагы социалдык үйлөр курулуп, темир жол да курула баштады. “Кыргызстан Атамбаевдин убагында уктап жаткан сулуу болсо, азыр күлүк аттай жүгүргөн динамикалуу өлкөгө айланыптыр” деп БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш баасын берди. Президент тышкы саясатты дагы жөнгө салып койду. Элге азыр стабилдүүлүк керек. Эл тынчтыкта өнүп-өсүүнү каалайт.










