Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Наристе өлгөн энесинин жанында беш күн жалгыз калган

Наристе өлгөн энесинин жанында беш күн жалгыз калган

11-декабрь, 12:03
921 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын Ижевск шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден беш күн бою кароосуз калган эки жаштагы баланы соцкызматкерлер табышты. 

Жалгыз бой аял пневмониядан каза болуп калган. Аял мурдараак ооруканага кайрылып, кийинки белгиленген медициналык текшерүүгө келген эмес. 

Азыр бала ооруканада, анын саламаттыгына коркунуч жок. Медиктер жана соцкызматкерлер анын туугандары менен байланыш түздү.

Жергиликтүү бийлик тургундарды кошуналарга, өзгөчө жалгыз бой эне жана улгайган адамдарга көңүл буруп, байкай жүрүүгө чакырды.

Мурдараак Можг шаарында шал менен ооруган майып бала өлгөн энесинин жанында беш күн жүрүп, кыйналып жан бергени белгилүү болгон.

Өспүрүм жан үрөп жардамга чакырган, бирок кошуналар батирден чыккан үнгө маани берген эмес.

Жалгыз бой эне шалдын оор түрү менен жабыркаган уулунун жанында каза болгон. Он үч жаштагы бала энесинин жансыз денесинин жанында бир аптадай чогуу жаткан. Өспүрүм шалдан сырткары талмадан да жабыркап, сүйлөй алчу эмес.

Апасы өлгөн соң, баланын курсагы ачып, башкаларды жардамга чакырганга аракет кылган. Бирок кошуналар батирден чыккан ызы-чууга маани берген эмес, анткени бул көнүмүш адат эле. Кийин жеткинчек араба менен ашканага эптеп жетип, суу ичем деп кранды ачканда, арабадан кулап кеткен. Батирди суу каптап кеткен. Алардын батири 1-кабатта болгон үчүн суу каптаганын да эч ким сезген эмес. А бала сууда жатып, үшүп калганы үчүн каза болгон.

Эне-баланын сөөгү 6-декабрдын кечинде табылган.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер