Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бизге Садыр менен Камчыдай башчылар болсо...” деп казактар суктанышты

“Бизге Садыр менен Камчыдай башчылар болсо...” деп казактар суктанышты

13-январь, 09:31
1 664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казак эли соңку көтөрүлүштөн кийин көздөрү ачылгандай. Отуз жылдан ашык убакыттан бери диктатуранын зордугунан, хандык башкаруудан арыла албасын толук түшүнүп турушат. Нурсултан Назарбаев убактылуу ээрден оогону менен Касым-Жомарт Токаев Россиянын күчү менен ээринде эрмешип калды. Элинин көпчүлүк катмары жек көрүп атса да, ЖККУнун аскерлерин Казакстанга киргизүү менен “куурчак президентке” айланды. Ооз жүзүндө эгемендиги болгону менен иш алкагында Россиянын колониясы сыяктуу күн көрүшөбү? Баары ачык эле байкалып турат эмеспи. Буктары жакшы чыкпай калган казактардын патриоттору, акыйкат үчүн жан сабагандар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге суктанышып, социалдык тармактарга жазып атышканына күбөбүз. “Бизге да Садыр, Камчыдай адилеттүү башчылар керек. Кыргыздын лидерлери жарандарынын укуктарын коргошот. Калкы менен эсептешет...” дегендей ураалашты. Чындыгында эле ошондой. Бизде демократия, сөз эркиндиги бар. Ким каалаганын айтат, талап коёт, сындашат. Эркин коомго ээ экенибизди жашырбайбыз. Баардык тараптардын ой-пикирлери ачык айтылып турса, бийликтегилер да түздөнөт. Эч качан чыңалууга, ичтен бук толууга жеткизбеш керек. Андай болсо коомдун жарылуусуна кептелебиз. Соке, Атамбаев, Бакиев жана Акаевдин кемчиликтери кайталанбасын! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер