Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КР мамлекеттик гимни боюнча долбоор

КР мамлекеттик гимни боюнча долбоор

30-июнь, 20:23
426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз калкы көчмөндөрдүн урпагы,

Ар-намыска бекем туруп келишкен.

Жат душманга укум жерин бастырбай,

Канын төгүп, өз жандарын беришкен.


Кайырма

Ак калпактуу кыргыз эл,

Согуп турган жүрөксүң

Ак мөңгүлүү Ала-Тоо,

Ата конуш түнөксүң!


Касиеттүү айкөл Манас жерине,

Бүт дүйнөнүн эли келсин агылып.

Эгемендик кызыл туусу желбиреп,

Тынчтык добулбасы турсун кагылып.


Кайырма

Ак калпактуу кыргыз эл,

Согуп турган жүрөксүң

Ак мөңгүлүү Ала-Тоо,

Ата конуш түнөксүң!



КР мамлекеттик гимни боюнча долбоор


Ак калпагы баштарына жарашкан,

Дүйнө эли суктанышып карашкан.

Ала-Тоону мекендеген кыргыз эли бар,

Көчмөндөрдүн урпагынан тарашкан.


Кайырма

Айкөл Манас тукуму,

Эр жүрөктүү кыргыз эл.

Өсүп, өнүп, өркүндөгүн,

Касиеттүү кыргыз жер.


Ар-намыстуу кыргыз калкы атыгып,

Койнуна көп улут элди батырып.

Кызыл туусун желбиретет ободо,

Күн кечирип, кайра таңды атырып.


Кайырма

Айкөл Манас тукуму,

Эр жүрөктүү кыргыз эл.

Өсүп, өнүп, өркүндөгүн,

Касиеттүү кыргыз жер.



Жээнтай Абдиев, (Жанчар)

КР улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, пенсионер

Чүй облусу, Жайыл району, Суусамыр айылы, Э.Алымкулов көчөсү, үй №5. Телефон: 0709-25-42-29, 0555-27-02-53


P.S. Өкмөт тарабынан КР мамлекеттик гимнин жазуу жалпы элге сунушталып, 700дөй варианттары келип, бирок бири да жарабай калганы кабарланган. Ошентип, гимнди тандоо күзгө жылдырылган эле. Ага дейре окурмандар тарабынан жазгандар болсо, гезиттин почтасына жөнөтүп койсоңуздар, сынакка карай жарыялоого көмөктөшөбүз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер