Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талантбек Иманов: «Кызматымды абийирдүүлүктө аткарып, келечек муунга үлгү көрсөтөм»

Талантбек Иманов: «Кызматымды абийирдүүлүктө аткарып, келечек муунга үлгү көрсөтөм»

15-август, 12:23
1 123 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Баёо кыял бала кезде башталган кызыгуум азыркы учурдагы аткарган кызматымдын алгачкы тепкичи болуп калды» деп сөзүн баштаган каарманым учурда Кыргызстандын бюджетине жылына миллиондогон  салык төккөн, миңге чукул адамды жумуш менен камсыздап, ѳлкѳ экономикасынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп жаткан «Дастан» ААКсынын жетекчиси Талантбек Иманов.


Балалык, бай турмушумдун башаты

-- Менин балалыгым союз ыдырап, Кыргызстан эгемен мамлекет катары эми гана жаңы кадам таштап жаткан маалга туш келди. Миңдеген кыргыз жаштары сыяктуу мен дагы жетишпеген турмуштун жетегинде болуп, ата-энебиздин бизди кандай азап менен эрезеге жеткиргени азыр да эсимде турат. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, мен эркек балдардын кенжесимин. Жалгыз карындашыбыз Жараткандын буйругу менен жарыкчылыкты таштап кетти. Азыр ата-энем калган үч уулунун, үч уулу ата-энебиздин өмүрүн тилеп келебиз. Ата-энем карапайым адамдар. Атам өмүр бою почта кызматкери болуп эмгектенсе, апам облустук ооруканда мээрман айым кесибин аркалады. Учурда экөө тең пенсияда. Турмуш-шартка байланыштуу балалыгымдын таттуу учуру Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылында тайжуртумдун колунда өттү. Кемпир-чалдын тарбиясын алып, колума чыбык кармап, Кой-Сарынын жээгинде кой кайтарып, айыл көчөсүн чаңытып ойногон ошол кезди азыр да сагынам. Балжууран балалык, баалуу тарбия адам катары калыптанышыма өбөлгө болуп, турмушка бышырганы мени сүйүндүрѳт.


Алыска багыт алган алгачкы кадам

-- Окууну аяктап, эл катары “жогорку билим алайын” деген кыялымды ата-энем да колдоого алды. Бирок, ошол учурда менден улуу эки агам да студенттер эле. Караганыбыз, карманарыбыз – ата-энебиздин тапкан-ташыганы. Мына ушул жагдайлар менин ата-энеме кошумча күч келтирбейин деп, окуудан баш тартуу чечимин кабыл алуума түрткү болду.

Негизи эле өзүмдү аскер адамы катары элестетчүмүн. Бала чагымда досторум менен ойноп жүрүп, кийин өзүм жетектеген «Улан» ААКсынын айланасына барар элек. Завод аскердик куралдарды иштеп чыгып, сыноодон өткөргөн кубаттуу ишкана эле. Бул жерде эмгектенген жумушчулар биздин көзүбүзгө теңдешсиз баатыр көрүнүп, мен дагы тез эле эр жетип, ушул адамдардай болуп заводдо иштегим келчү. Ойлорумду орундатуу үчүн өз күчүм менен Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайга тапшырып, бирок өтпөй калдым. Андан соң мекенге ак кызмат өтөө үчүн аскерге кеттим. Менин бул чечимиме башында ата-энем бир аз каршылык билдирди. Анткени, ал кездеги армиянын абалы анча деле көңүл жылытарлык эмес эле. Бирок, айтканымдан кайтпай отуруп, аскердик кызматымды Улуттук Гвардияда өтөп, мөөнөтүм аяктагандан кийин аталган бөлүктө келишимдик негизде эмгектендим. Кызмат учурунда кайрадан аскердик окуу жайга тапшырып, бул сапар өтүп кеттим. Тилекке каршы, ал кезде үй-бүлө күтүп калганыма байланыштуу окуумду уланта алган жокмун. 


Эмгек менен эр көгөрөт

-- Үй-бүлө күткөндөн кийин аны татыктуу багуу, камсыздоо – бул эр жигиттин биринчи милдети. Балдарың ачка отурса, жылаңач жүрсө, татыктуу билим албаса, анан кантип сен башка бирөөгө акыл айтасың же инсан катары өнүгөсүң? Анын сыңарындай, мен дагы бала-бакырамды багыш максатында 2008-жылы «Дастан» ААКсынын күзөт бөлүмүнө катардагы күзөтчү болуп ишке киргем. 

Бул жакка ишке киришиме менин аскерде кызмат өтөгөнүм үчүн артыкчылык беришкен. Бул стратегиялык мааниге ээ, айтылып-айтылбай турган маалыматтар камтылган чоң ишкана. Мен күзөтчүлүктөн түз эле башкаруучу болуп калган жокмун. Бул кызматка келгенге чейин ар бир тепкичти басып отуруп, ата-энемдин ак батасы, жубайымдын колдоосу, досторумдун деми менен жеттим. «Дастан» ААКсында жөн гана күзөтчү болуп эки жыл иштедим. Бул учур 2008-2010-жылдарга туура келет. 2011-жылдан тартып «Улан» ААКсына күзөт бөлүмүнүн башчысы, завод директорунун коопсуздук багыты боюнча орун басары жана башка ар кандай даражадагы кызматтарды аркалап келип, 2018-жылы «Улан» ААКсына директор болуп дайындалдым. 

Директор болуп дайындалгандан кийин Россия, Казакстан, Индия, Вьетнам сыяктуу өлкөлөр менен тыгыз кызматташып, миллиондогон суммадагы инвестиция тартып келдим. 150 кишиге эмгек орун түзүлүп, Ысык-Көл облусундагы ири салык төлөгөн ишканага айланды. Бул нерселер айтканга оңой болгону менен бир топ эмгекти талап кылды жана жетишкендиктер жалгыз менин ийгилигимдин аркасында болгон жок. Жалпы команданын биримдик менен иш жүргүзүүсү, өз кесибин сүйгөн кесипкөй адамдардын жеңишинин жемиши катары эсептейм. Мына ушул эмгегимди эске алган өкмөт мага 2020-жылы ары татаал, ары жоопкерчиликтүү милдетти талап кылган «Дастан» ААКсын жетектөө тапшырмасын койду. Себеби, «Улан» ААКсын жетектеп турган маалда эле айкалыштыруу менен «Дастан» ААКсынын өнүктүрүү боюнча директору кызматын аткарып тургам. Бул менин ийгилигимдин алгачкы гана кадамдары. Мамлекет башчылары, эли-журтум ишеним менен тапшырган бул кызматты абийирдүүлүк менен аткарып, учуру келгенде келечек муундун, уул-кыздарымдын алдында жарык жүз менен жашоо кечирүү – менин бирден-бир принцибим.


Максатсыз адам маанисиз китептей

-- Дагы бир айта кетчү нерсе бул – максатты туура коё билүү. Максатты туура эмес коюп алып, кѳптѳгѳн жаштар багытын таппай келишет. Максаттуу адам гана баардык тоскоолдукту жеңип, эч кандай калкалоосуз, жакын тууганынын, же кайсы бир таасирдүү кишинин көмөгүсүз ийгиликке жете алат. Бул менин кеңешим. Себеби, мени эч ким көтөрмөлөп, түртмөлөп, кызматка алып келген жок. Мен өзүмдүн аракетим жана туура коюлган максатым аркылуу ийгиликтин эки тизгин, бир чылбырын колума алдым. 


Инсандын өнүгүшү өзүнөн көз каранды

-- Айрым көралбас, ичи тар адамдардын айынан бизде бир топ татыктуу кадрлардын канаты кайрылып, максатына жете албай калышат. Жөн гана көчө деңгээлиндеги ушак, далили жок сөз менен бир адамдын тагдырына, бир үй-бүлөнүн бүтүндүгүнө доо кетирип койгон учурлар бар. Мен тууралуу айрым көралбаган, ниети бузук адамдар тарабынан ар кандай кептер айтылып келет. Мени Бакиевдердин жакын адамы саналган “Ширшовдун айдоочусу” деген кеп акылга сыйбайт. 

Ширшов заводду жетектеп турганда, мен ал жерде жөн гана күзөтчү болчумун. Айдоочу болмок түгүл, ал кезде менин айдоочулук күбөлүгүм болгон эмес. Сыноо катары берилген саналуу өмүрдү сарамжалдуу пайдаланып, максат менен жашап өткөндүн ордуна башканын ийгилигине кѳз артып, кара ниеттик менен жан баккандарга чындап боорум ооруйт. Менимче, адам өмүр бою өзүнүн үстүнөн иштеп, алдыга умтулуп, аракеттенип жашаш керек. Умтулуу токтогон жерде баардык нерсе токтойт жана буга чейин жасаган аракетиң эч майнапсыз болуп калат. 


Алган март эмес, берген март

-- Кайрымдуулукту ар бир жарандын милдети катары эсептейм. Ашыкча көп эмес, ошол эле маалда жок дагы эмес, очор-бачар орто оокатым бар. Ата-эне, бир тууган, жоро-жолдошторум, жакындарымдын муктаждыгы жок. Демек, мен элге жардам беришим керек. Мен эле эмес, мен сыяктуу башка жарандарды да ушул нерсеге үндөйт элем. Пандемия башка кыргызстандыктар сыяктуу эле биздин жакындарга да чоң кедергисин тийгизбей койгон жок. Жоготуулар болду. Мамлекеттин колун карап отура бербей, жакын санаалаштар менен биргеликте «Волонтёр KG» деген аталыштагы кыймыл түзүп, муктаждарга колдон келген жардамды бергенге аракеттендик. Мындан кийин да бул кыймыл өз ишин үзгүлтүксүз улантып, иш жүргүзө берет. Бул менин жарандык милдетим. 


Балдарым – бакыттын ачкычы

-- Ата-энемдин сүйүктүү, ыймандуу келини, уул-кыздарымдын мээримдүү апасы, жубайым – менин кеңешчим, колдоочум. Ийгиликтүү эркектин артында жубайынын көрүнбөгөн эмгеги турат. Агынан уул, кызылынан кыз төрөп берди. Учурда экөөбүз бир уул, эки кызды тарбиялап жатабыз. Буюрса, саналуу күндөрдөн кийин биздин төртүнчү наристебиз да жарыкка келет. Уулумду азыртан аскер адамы болууга тарбиялап жатам. Ар бир мырза аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер