Мирсулжан Намазалы: “Бизнес климатка мамлекеттик деңгээлде жол ачуу зарыл”


Экономикалык реформалар боюнча эксперти менен маек.
-- Учурда баардык эле товарларга болгон баа жогорулап жатпайбы. Бир себеби, чет өлкөдөн товарлардын келишинин азайышына да байланыштуу болууда. Бул абалдан кандай чыкса болот? Дегеле импортко болгон көз карандылыкты жоюуга мүмкүнчүлүктөр барбы?
-- Пандемиянын айынан жарандарыбыздын төлөө жөндөмдөрү төмөндөгөнүнө карабастан, баалардын өсүп жатканы кейиштүү. Кымбаттоо көпчүлүккө өтө чоң көйгөйлөрдү жаратып жатат. Импорттук товарлардын кымбатташы, сомдун кунунун төмөндөшү көп нерселерден көз каранды. Бизде чет элдик валюталар менен кызматтарды тышка сатып жатканыбыздын төмөндүгү көрүнүп турат. Башкача айтканда, бизде ички бизнес климат начар өнүккөн. Мындай кезде бааларды тез арада түшүрүү мүмкүн эмес. Эгер элдин төлөм жөндөмдүүлүгүн көтөрүү керек болсо, баалардын туруктуу сакталышын көздөсөк, инвестициялык жана бизнес климатка мамлекеттик деңгээлде жол ачуу зарыл.
-- Ал эми азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу чараларын көрүү жолдору кандай дейсиз?
-- Бизде азык-түлүк коопсуздугу дегенде атайын мамлекеттик органдын эгиндерди сатып алып, аларды чиритип же кайрадан арзан баада сатып, таркатуу (!) деп билишет. Бирок мындан чоң маселе чечилбейт. Тескерисинче, чыгашалар күч алат. Демек, бул багыт туура эмес. Эгер биз өзүбүздүн өндүрүмдөрдү өстүрүп, азык-түлүк коопсуздугун сактагыбыз келсе, кайрадан эле инвестиция менен бизнеске кайрылуу туура. Ошол эле айыл чарба өндүрүштөрүн жөнгө салуу үчүн эл аралык тажрыйбаларга карап, андагы лидер өлкөлөрдөн багыт алсак болот.
-- Күйүүчү майдын баасы дагы өсүүдө. Бул жазгы талаа иштеринин жүрүшүнө да терс таасири тийиши мүмкүнбү?
-- Албетте. Өзгөчө тышкы мигранттардын акча которууларынын төмөндөөсү, бизнестердин токтошун, кирешелердин азайышын эске алсак, аныгында олуттуу эле көйгөй. Бул жерде өлкөгө ташылып келген күйүүчү майларды тоскоолдуксуз киргизүү маселелерин карап чыгуу керек.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити











