Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиев фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын билдирди

Ташиев фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын билдирди

27-сентябрь, 12:15
960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачышканын жарыялады.

Бул тууралуу ал Алай районунда 26-сентябрда, УКМКнын жаңы имаратынын ачылыш аземинде айтты.

“Кечээ эле мага Кыргызстанда фармацевтикалык мафия бар экенин айтышты. Биздеги дарылар үч эсе кымбат баада, айрымдары он эсе кымбат сатылат экен. Мунун баары атайын уюштурулуп, фарммафияда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер катышыптыр. Биз алардын бетин ачтык. Эми дүйшөмбүдө коомчулукка кенен маалымат беребиз”.

Ошондой эле атайын кызматтын жетекчиси “өлкөдө бензиндин баасын кымбаттатып жаткан да атайын мафия бар” деп, УКМК кызматкерлерин мындай көрүнүштөрдүн бетин ачууга чакырды.

Кыргызстанга дээрлик 95% фармацевтикалык каражаттар чет өлкөдөн импорттолот.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер