Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илич Марсбек уулу: “Түшүмдүүлүк өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөн болушу күтүлүүдө”

Илич Марсбек уулу: “Түшүмдүүлүк өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөн болушу күтүлүүдө”

16-июль, 16:30
5 226 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары менен маек.

-- Учурда кургакчылык болууда. Тоют кымбат. Кышында мунун кандай кесепетин тартабыз? Азыр айыл чарба министрлиги мунун алдын алып, кандай чараларды көрүп жатат?

-- Быйыл биздин мамлекетте эле эмес жалпы чөлкөмдө кургакчылык байкалууда. Аны менен бирге эле аба ырайы түнкүсүн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей, суунун дагы тартыштыгын көрүп жатабыз. Бизде жалпы 1 млн. 200 миң айыл чарба жерлери болгон болсо, анын 23%ы гана суу сактагычтардан сугарылат. Калган 77%ы тоодон агып түшкөн суулардан сугарылат. Мөңгүлөрдөн агып түшкөн суулардын тартыштыгына байланыштуу айыл чарбадагы кыйынчылыктарга дуушар болуп отурабыз. Түшүмдүүлүк өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөн болушу күтүлүүдө. Анын ичинде тоют өсүмдүктөрү да бар. Жыйынтыгында тоют тартыштыгы байкалып, азыртадан чөпкө, тоют өсүмдүктөрүнө болгон баалар өткөн жылдарга салыштырмалуу жогору болууда. 

Министрликтин сунушу менен ушул абалдан чыгуу үчүн 2021-жылдын 23-июнунда министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. Бул №41 токтомго ылайык, бизде өндүрүлгөн тоют өсүмдүктөрүнүн  Кыргызстандан чыгарылып кетүүсүнө тыюу салынды. Аны менен бирге 2021-жылдын 24-июнунда кумшекер, суумай сыяктуу азык-түлүктөргө НДС салыгын алып салуу чечими да кабыл алынды. Бул №42 токтом менен кабыл алынды. Аны менен бирге 12-июль күнкү №70 токтом менен өлкөгө арпа, жүгөрү, сулу, беде, эспарцет, саман сыяктуу баардык тоют өсүмдүктөрүн ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотулду. Аны менен учурда күздүк себүүдө айдалган буудай, арпалар Талас, Чүй облустарында, түштүк жергесинде чабылып жатат. Ошол жерлерден бошогон айдоо аянттарына тоют үчүн жүгөрү себүү пландалууда. Биздеги оперативдүү маалыматтарга ылайык, 20 миң гектар жерге жүгөрү себебиз деген пландар бар. Бул жүгөрүнү сенажга чаап алып, кышында малга тоют катары берүү пландалууда. Негизинен ушул сыяктуу чаралар көрүлүп жатат. 

Андан сырткары, министрликтин сунушу менен биздин материалдык резервдик фондго атайын ошол тоюттарды алып коюуга акча каражаттары сунушталды. Күзгө чейин ушул маселелер чечилсе, кышында буюрса малыбызды чыгымга учуратпай алып чыгуу аракеттери көрүлүүдө. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер