Канат Жумагазиев бийликтин рейтингин көтөрүүгө салым кошууда

2023-жылдын март айында Канат Жумагазиев Чүй облусунун губернаторлугуна дайындалган. Кыска аралыкта өзүн ар тараптан көрсөттү. Ириде тартипти калыптандырып, баштагы башаламан системаны ыраатка салып койду. Мамлекеттик кызматкерлер илең-салаң жүрүшпөй, милдеттерин так, жетиштүү деңгээлде аткарууга өтүштү. Мындан улам баардык тармактар өнүгүү жолуна түшкөнүн байкап келебиз. Жалпы Чүй администрациясынын астындагы мекемелер элди кабыл алууда, алардын көйгөйлөрүн чечүүдө аракеттери күч.
Натыйжада, эл арасында айтылып, жылуу кабылданган жөнөкөй гана мисалдарды учкай келтирели. Быйыл суу тартыштыгы чечилип, мурдагы жылдардай нааразычылыктар жаралган жок. Дыйкандарга шарт түзүлө баштады, көпчүлүк катмар жергиликтүү бийликке ыраазы.
Губернатор билим берүү багытына өзгөчө көңүл буруп, өспүрүмдөрүбүздүн келечектери үчүн кам көрүүдө. Биз Чүй облусундагы мектептердин ийгилигинен улам байкоодобуз, “Алтын тамга”, “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөр башка аймактагылардан ашып кеткени ырас. Канат Жумагазиев билимге умтулган жаштарга стимул берип, ар кандай сыйлыктарды да уюштуруп, ошого катар мугалимдерди да колдоого алганы кубандырат. Келечек ээлерине бүгүнтөн тарта шарт түзө алсак, эртең мамлекет үчүн жемишин берет эмеспи. Буюрса, айрым айылдардагы 1920-30-жылдардагы мектептердин ордуна жаңылары куруларына ишене туралы.
Сары өзөнгө заманбап ооруканаларды салуу зарыл. Бул алкакта Канат Жумагазиевдин алдыга койгон демилгелүү пландары бар. Мамлекеттин бюджети тарабынан каржыланышы керек. Көп жылдан бери ички миграция агылып, Чүй облусуна отурукташкан элдин саны арбып баратат. Жыш жайгашкан калктын саламаттыгын сактоо үчүн жогорку жетекчилик да туура анализ жасаса...
Өлкөбүзгө инвестиция тартуу кандай машакаттуу, татаал экенин баарыбыз билебиз. Себептерин чечмелебей эле коёлу. Ошондой болсо да, Чүйдүн губернатору ишеним жаратып, дипломаттык чеберчилиги, ишбилгилиги менен сырттан инвесторлорду алып келүүдө. Тоңгон муз эриди. Келечекке карай ири долбоорлор жүзөгө ашарына ишенимдер жаралып, чыйыр салынууда. Баягы кезге караганда, өндүрүш жагынан да жагымдуу жаңылыктарга күбөбүз. Мындан ары бизнести, ишкерлерди коркутуп-үркүтпөй турсак, ийгиликтер из салары шексиз.
Айтмакчы, каарманыбыз убагында МЕНТтердин төрөсү эле, андыктан, укук коргоо жагын тек гана калчайт эмеспи. Алыстан жыт сезгендей...
Жалпысынан алганда, Чүй облусунун социалдык-экономикалык абалын оңдоо алкагында тийешелүү программа-план иштелип чыгып, чекесинен жүзөгө аша баштады. Жакырланган караламан калктын турмушун оңдоого багыт алынды. Негизинен сарыөзөндүктөрдүн маанайы өзгөрдү. Үмүт жаралды. Баштагыдай көчөгө чыкмай, кызыл китеп көйгөйү, жер талаш, куушуп-сүрүшмөйлөр токтогонуна Кудайга шүгүр!
Кыскасы, Канат Жумагазиев өзүнүн милдеттерин так аткарууда. Ашыгы менен. Жети облустун башчыларынан камчы салдырбаганы эле ушул. Буюрса, Чүйдү өнүктүрсө, эртеңки күнү базарга айланган Бишкек шаарын оңдобосо болбой калды. Бийликтин рейтингин көтөргөн саналуу гана аткаминерлерди билебиз, алардын бири Канат Жумагазиев!