Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ынтымак” партиясын артка тарткандар кимдер? Тизме дагы уланат...

“Ынтымак” партиясын артка тарткандар кимдер? Тизме дагы уланат...

06-ноябрь, 11:33
848 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Былыгы чекесинен чыккан партиялар сапка тизиле баштады. Маселен, БШК тарабынан спикер Талант Мамытовдун талапкерлиги мыйзамсыз катары каралса, анысы догурунуп сотко берип, талашып-тартышып жатат. Биздин баамыбызда, БШК эрктүүлүк менен аягына чейин соттошсо, чындыкка жетиши толук мүмкүн эле. Азырынча көз будамайлоо негизсиз. Мыйзамдуулукка эч кимдин, бир дагы саясый күчтүн шек келтирүүгө акысы жок. 

Ал эми Чүйдүн губернатору Эркин Тентишевдин баласы Бакыт Тентишев да “Ынтымак” партиясынан шайлоого катышып атат. Чүйдөгү чиновниктер ачыкка чыгышпаса да, өз ара күмпүңдөшүп, тымызын берилген буйрукка каршы чыкканы калыштыбы? Атасы бир облустун бийлигин мыкчып турса, анан уулуна жан тартпай коёбу? Бул жагынан да иликтөөнүн үстүндөбүз. 

О.э. бир кезде “Учур” гезитинде кабарчы катары иштей албай кеткен Адинай Марипова да “Ынтымактан” талапкер экен. “Ичкен кудугуңа түкүрбө” деген нуска кепти мындайлар кайдан билсин? Андагы “Учурдун”, азыркы “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге убагында, кийин да тескери сөз таратып, жалган жалаа жаап келгенин кантебиз? Ошондогу кесиптештери Адинай жөнүндө көп кептерди айтышса, редактор мырза кебелбей, бийик туруп койгонунда кандай сырлар жатат?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер