Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Күрөңкеев: «Өлкөдө электрондук соода тез өнүгүп жатат»

Айбек Күрөңкеев: «Өлкөдө электрондук соода тез өнүгүп жатат»

02-октябрь, 17:26
1 314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кайсы бир товарды табууда, ал туурасында кененирээк маалымат алуу үчүн биринчи кезекте аны интернеттен издеп баштайбыз. Муктаждыгыбызды изилдеп, тандап жана аны сатып алуу үчүн көптөгөн аянтчалар бар. Алардын бири КМШ мамлекеттеринде кеңири жайылган Wildberries электрондук платформасы. Бул боюнча электрондук соода боюнча байланыш операторлор ассоциациясынын директору Айбек Күрөңкеев айтып берди.  


Интернет-дүкөндөрдүн эффективдүү иштешинин ыкмасы

-- Электрондук соода – интернет бизнесиндеги, жалпы экономика тармагындагы өтө тез өнүгүп жаткан багыттардын бири. Тактап айтканда, E-commerce – бул онлайн сатып алуу жана сатуу. 2021-жылы дүйнөдөгү жалпы чекене сооданын 17,5%ы e-commerce’ке туура келет. E-commerce’тин популярдуулугу барган сайын артып, бул өз кезегинде кесипкөй адистерге суроо-талаптын өсүшүнө алып келди. E-commerce боюнча адистер интернет-дүкөндүн эффективдүү иштеши үчүн керектүү бизнес-процесстерди түзүп, онлайн аркылуу соода-сатыкты өнүктүрүп, жарнамалык компанияларды, тиркемелердин мобилдик версиясын иштеп чыгып, натыйжалуу ыкмаларды колдонуу үчүн интернет технологиялардын жарнама рыногун изилдеп, атаандаштарды көзөмөлдөйт. 


Электрондук соода эки багытта өнүгүүдө 

-- Е-Commerce’тин дүйнөлүк базары эки форматтын негизинде өнүгүүдө: интернет-дүкөндөр – веб-сайттар аркылуу маалыматтарды, кызыккан товарларды, кызматтарды карап, тапшырык берүүгө мүмкүн. Маркетплейс – көптөгөн компаниялар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир жерге чогултуучу платформа. Анда сатып алуучулар менен сатуучулар бири-бирин онлайн режиминде таап, кызматташууда өз ара аракеттенишет. Маркетплейсте товарлардын запасы болбойт, бизнес, колдонуучуну башка бирөөнүн товары менен камсыздап, которууларды жеңилдетүүгө жардам берет. Барган сайын маркетплейс менен иш алып барганга бул платформадагы баардык системаны түшүнгөн менеджерлер талап кылынууда. Бул боюнча иш алып барган менеджер башка маркетплейстердеги товарлардын же кызматтардын бар-жогун көзөмөлдөп, жарнамалык компанияларды иликтеп, оптимизация кылып, атаандаштар туурасында маалыматтарды чогултуп, тапшырыктарды кабыл алып, иштеп чыгып, иш кагаздары жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылат.


Кыргызстанда вайлдберриз платформасында соода кылгандар көп

-- Маселен, кытайлык AliExpress сыяктуу маркетплейстер бар. Ал дүйнөнүн 230 мамлекетинде 18 тилде жеткиликтүү. КМШ өлкөлөрүндө Wildberries платформасы кеңири тараган. Азыр биздин жарандар вайлдберризде активдешип баштады. Башка мамлекеттер көптөгөн товарларды интернеттен эле сатып алышат. Пандемия кыргызстандыктарды дагы ушул маданиятка үйрөтүп койду.  Amazon.com АКШдагы жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча электрондук соода жүгүртүү боюнча эң белгилүү маркетплейс. Компаниялар өздөрүнүн товарлары же кызматтары үчүн Amazon платформасын колдонууну каалашат. Ошондуктан Amazon’до электрондук соода боюнча адистер бар. Ал маркетплейсте иштөө өзгөчөлүгүн, кызматтарды жана товарларды жайгаштырууну, аларды жайылтууну, оптимизациялоону, запастарды жөндөп, ошол эле учурда Amazon’дун кардарларынын суроолоруна жооп берүүнү билүүсү шарт. 


Анархан Алтымышова 
"Азия Ньюс" гезити

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер