Вирус боюнча коркунучтуу, жалган малыматтар тарай баштады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) мамлекеттерди коронавирус пандемиясына байланыштуу тараган жалган маалыматтар менен күрөшүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Шаршемби күнү, БУУнун башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында вебинар өткөрүлүп, ага бир катар эл аралык уюмдар катышкан.
"Вирус дүйнө жүзүнө жайылгандан бери социалдык тармактарда такталбаган, ал тургай кооптуу билдирүүлөр тарады. Элдин башын айландырып, дүрбөлөңгө салып, туура жолдон адаштырган дагы учурлар жок эмес. Биздин уюмдун "Тастыкталган" аталышындагы демилгеси дезинформация менен күрөшөт. Бул жаатта медиа-өнөктөштөр, социалдык тармактар жана белгилүү адамдар жардам берүүдө", - деген вебинарда сөз сүйлөгөн БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш.
“Спутник”