Акыркы кабарлар
» Саясат » Бийлик төбөлдөрү пиар кампаниясын жаңылайбы, же...
Бийлик төбөлдөрү пиар кампаниясын жаңылайбы, же...
28-февраль, 09:00

Ой туудуруп коёлу. Бийлик төбөлдөрү пиар кампаниясына кан жүгүртүп, жаңылап, чала журналист, блогер сөрөйлөрдөн арылбайбы? А болбосо эки-үч жылдан берки “эски пластинкалар” айлана берип, эл деле тажап калды го? Негизи идея, демилге табууга изденүү керек да. Чыныгы калемгерлерди тартуу, анализ жасоо, аттуу-баштуу коомдук ишмерлердин ой-пикирлерин угуу ж.б. шык-жөндөмдөрдү ойготушса не? Соцтармактардагы шектүү блогерлерге, фейктерге таяна берүү жакшы деле эмес го? Кээде бийликтин жасаган алгы иштери тескери реакция жаратып, коомчулукка жеткилең, таасирдүү берилбей калып жатканы деле жалган эмес."Азия Ньюс" гезити











