(Видео) Айзада Жамгырчиева мас болуп, тойго катуу даярданып...
Социалдык тармактагы активдүү колдонуучулардын бири ырчы, теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева жакында боло турган тойго катуу даярдык көрүп жатканын жар салды.
Айзада Жамгырчиеванын тойго катуу даярданып жатканын көргөн күйөрмандары ага ар кандай суроолорду беришкен. Чындыгында ырчы кыз тойлор тууралуу көп жазгандыктан анын күйөрмандары: “бойдокчулук менен коштошуп жатабы?” деген суроолорун айтышкан.
Көпчүлүктүн кызыктырган суроолоруна Айзада Жамгырчиева тойлорго даярданып, буту-бутуна тийбей чуркап жүргөнүн, бирок той аныкы эмес, ата-энесинин 60 жашын белгилеп жатканын кабарлады.
Эскерте кетсек, инстаграм баракчасына ар кандай жүрүм-турумун, кыймыл-аракетин жүктөп, коомчулуктун көңүлүн бурган ырчы айым, жакында эле чай ичип атып, бийлеген видеосун чыгарып, элдин «бул маспы, эмне?” деген сынына да кабылган. Элдин сынына сынбаган ырчы айым, “мен чайга мас болуп атам” деген жообун узаткан эле.