“Көрүнбөй кеттиң” дейсиң?..

Көроокат баягы эле.
Көпчүлүк эл катары кирип, чыгып,
Көңүлүм келген кезде бир иш кылып
Көчөдө, айылдамын.
Кыбырап кумурскадай,
Кышкыга отун-суумду дайындадым.
Канча бир жылдан бери,
Карына, бороонуна кайыл болуп,
Каргадай тууган жерим байырладым.
Кылайын шүгүрчүлүк буга дагы
Кыскасы жайындамын...
Кыйсыпыр түшүп бирок жүрөгүмдө
Кыйналып түштөрүмдө, түнөгүмдө.
Жашынып жүргөнсүймүн бирөөлөрдөн,
Басынып жүргөнсүймүн бирөөлөргө.
Айнегим тумчуланган,
Эшигим кулпуланган.
Тирмийген тириликке алек болуп,
Тилимди тишке катып тынчып алгам...
Акын жок, оо, андагы өзүң билген.
Акыйкат деген кызга арзуу арнап,
Алоолоп күйүп-жанып ыр чыгарган...
Солк этсе сокур сезим,
Сооротом өзүмдү өзүм.
Созулат түйдөк санаа, туям баарын...
Канаты сынган куштай,
Кайдадыр учпай калды кыялдарым.
Кай бирлер сыяктанып, же болбосо
Калтардай "бултаң" этип
Калптардын арасына сыя албадым...
Өтөлгөн өмүрүмдө,
Көтөргөн көңүлүмдөн
Көбүрөөк бетим басып уялганым...
Октолбой, дүрмөттөлбөй,
Оозума келген сөздөр күрмөктөлбөй,
Ойлорум токтоп калган...
Күндөрүм "шуу-шуу" этип
Күбүлгөн жалбыракка окшоп калган.
Турушуң кыйын экен,
Тунушуң кыйын экен
Турганда туш-тарабың коштоп жалган...
Өзгөгө сезилбеген...
Өзүм мүнөзүм менен.
Коркунуч ээлеп алган бүткөн боюм.
Коркомун кошунамдан,
Коркомун досуман да,
Коркомун ырдагандан,
Коркомун бийлегенден,
Коркомун кобуранып сүйлөгөндөн.
Ишенбейм, ишенбеймин көптөргө азыр,
Ийленип ыргытылган тери сымак
Ишеним дүйнөм өлгөн.
Тажабай таксыр тагдыр,
Тартуулап улам-улам тамашасын...
Салчудай ким бирөөгө азап-кайгы,
Алчудай ким бирөөдөн аласасын...
Оту өчкөн көзү менен
Олтурат Казы мырза
Ойнотуп оңду-солду таразасын.
Оорукчан болуп калды Үмүт кемпир,
Ооматжан чачып бүттү парасатын.
Оо, досум Чындыкбекти билесиң да?..
Ошонун бейиши болгур
Окудук кечээ күнү жаназасын.
Чындыкбек чындыгында чындык эле,
Чыкчыйып тазалыгы шумдук эле.
Бакылдап ачык сүйлөп жүргөн менен,
Башынан жактырчу эмес чырды деле.
Түз жолдо бара жатып,
Түшүнбөйм кайран жигит сынды неге?
Отуздан жаңы өткөндө,
Кокустан болуп калды тындым эле...
Кадырлуу Калысбек чал
Картайып кайратынан кетип калган.
Эр мүнөз Эркинбектин
Эшиги көптөн бери бекип калган.
А дүйнө салган эчак
Абийирбек кечип жандан.
Эсирбек, Эсирбекчи ээ баягы
Эч кимге акылдашпай
Элеттин маселесин чечип калган...
Жаңылык мына ушундай,
Жазылбай ырлар терең,
Айтылбай сырлар кенен.
Кемитип күндөрүмдү эртеңдерге
Келатам кубалашып жылдар менен...
Эх, анан ниетимде
Элимдин маңдайына бакыт конуп,
Эшигим ачып коюп,
Эргүүлөр ташып-толуп,
Эңсеймин ажайып бир таң атканын...
Жакшы тур көрүшкөнчө,
Жагымдуу жаңылыктан бөлүшкөнчө,
Жар болсун Жаратканым!
Шабдан Сулайманов
"Азия Ньюс" гезити