Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чоң жылдызга көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен татыктуусу Жеңиш Абидов

Чоң жылдызга көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен татыктуусу Жеңиш Абидов

16-август, 12:00
509 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгемендүүлүк күнүнө карата ИИМ жетекчилерине генерал-майор чин-даражалары таратылары талкууга алынууда. Алар кимдер дейсиңерби? Адылбек Бийбосунов, Сүйүнбек Ниязбеков, Мурат Боронов, Ашым Тагаев жана Жеңиш Абидов. Биз азырынча булардын баарын “жиликтебей” эле коё туралы. Мерчеми келет...

Беш талапкердин ичинен барандуусу, татыктуусу Жеңиш Абидов. Себеби, ал милициянын оор жолун басып өттү. Катардагы кызматкерден Ош ОИИБ начальнигине чейин таман акы маңдай тери менен телчикти. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жетекчилик кызматтарды аркалады. Тартипти, коопсуздукту камсыздоого катар чарбалык иштердин да майын чыгарып, ак ниеттүүлүк менен мамлекетке кызмат кылып келатат. Кыскасы, Жеңиш мырза генерал-майор жылдызын тагынууга эмгек сиңирди. 

Акыйкаттан алганда, эптеп эле сүрмө топ менен чоң жылдыздарды таратуу жарабас. Ансыз да генералдардын 95 пайызынын баркы жок, паракорлор, “самопалдар” да, туурабы? Булгап бүтүштү. Бул жагынан мораторий киргизбесек болбойт. Баса, калыстык үчүн кыстырма: милицияда татыктуу генералдардан Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Суваналиев, Бакыт Жусубалиев, Сүйүн Өмүрзаков, Улан Исраилов, Нурбек Абдиев сыяктуу аз гана сандагы адамгерчиликтүү, профессионалдар бар. А “Генералдар клубу” деген уюктагыларды билесиңер да, көбүнчөсү кошоматчылар, коррупцияга малынгандар, алдым-жуттумдар экени жалганбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер