Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үй-бүлөмө эрегишип отуруп, сүйүүгө кабылдым...

Үй-бүлөмө эрегишип отуруп, сүйүүгө кабылдым...

09-июнь, 13:21
2 259 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир кездери менде баары жакшы болчу. Өмүрлүк жолдошумду эч кимге теңебей, аябай жакшы көрөр элем. Ансыз жашоомду элестетүү кыйын болчу. Биз бактылуу элек. Акыркы үч жыл аралыгында күйөөм аябай өзгөрдү. Үйгө үч күндөп келбей калчу болду. Жумушун шылтоолойт. Ишенип жүрө бердим. Мага көңүлү жок, өзүмдү сооротуп жашай бердим. Күндөр айга, айлар жылга айланды. Акыры башка аял таап алганын да билдим... 

Ошол убакта андан өч алуу максатында жаш кезимде мамиле куруп, бирок тоюбуз болбой калган мырзаны интернеттен издеп жатып таап алдым. Аны менен мамиле түзүп, сүйлөшүп, ал адамга акырындап көнүп бараттым. Ошондо да жолдошум мага эмне кылсаң өзүң бил дегендей мамиледе болду. Андан бетер өчөшүп сүйлөшө   бердим. Сезимдер менен ойноого болбойт экен. “Күйөөмө эрегишем” деп сүйүүгө кабылдым.

Сезимдер тереңдеп кетти. Баарына кеч болуп бара жатканда күйөөм кайтып келди. “Кечир мени, адаштым, алдандым” деп аянычтуу жалооруйт. Бирок жүрөгүм, ага болгон сезимдерим музга айланыптыр. Мурдагы, бирок кечиккен сүйүүмдү ойлоно берип азап тартам. Ал байланышка чыкса жаш баладай кубанганымчы! Бул чыныгы сүйүү эмеспи?.. Бирок, балдарым үчүн күйөөм менен калууга аргасызмын...

Жылдыз
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер