Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Свердлов РИИБ начальниги Азамат Байгазиев таластык болсо эле тайраңдай береби?

Свердлов РИИБ начальниги Азамат Байгазиев таластык болсо эле тайраңдай береби?

09-февраль, 19:30
6 810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2021-жылы Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Куликов көчөсүнөн Эркин Тентишевдин 1,5 миллион долларын тоноп кетишкен. 2022-жылы дал ушул аймактан дунган ишкерлеринен куралчан топ 2 миллион долларын жулуп алышканы белгилүү. Бул оор кылмыштардын бети ачылган эмес. ИИМдин өткөн коллегиясында дал ушул иштер боюнча суралган жок. Былтыр Свердлов РИИБнин кызматкерлери 13 жашар кызды алмак-салмак зордукташып, айбандык кумарларын кандырышса, быйыл дагы 13 жашар кыз менен интимдик катышты күч менен ишке ашыруу, кыйноо боюнча башкалар улантышып, милициянын “эрдигин” көрсөтүштү. Бирок аңгилерди Свердлов РИИБнин кызматкерлери таба алышпай, жаш өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч улана берерин шардана кылышты. Кепке кемтик болгон райондун башкы милициясы Азамат Байгазиев жогорудагы оор кылмыштардын бетин ача албай, кабинетинде шалдырап отурганын өздүк курамы кеп кылууда. Мындай кадрды токтоосуз түрдө айдаш керек эле. Таластык болсо эле тайраңдай береби? Шиши толду... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер