Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мезгил Исатов, акын: “Мезгил жетсе, турналарга кошулуп, Мен да жөнөйм, боз иңирге катылып...”

Мезгил Исатов, акын: “Мезгил жетсе, турналарга кошулуп, Мен да жөнөйм, боз иңирге катылып...”

18-май, 09:00
437 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- «Турналар» аттуу согуш темасына арналган ырды бала кезден угуп чоңойдук. Согуштагы жоготуулар сүрөттөлгөн кайгылуу ыр. 

-- Ооба, бул ыр Советтер Союзунун атактуу ырчысы Марк Бернстин жашоосундагы эң акыркы ыр болгон. Ал эми авар элинин айтылуу акыны Расул Гамзатов бул ырды кантип жазып калган тарыхы да кызыктуу. 

-- Өтө кайгылуу экен?

-- Жүрөк чыдагыс согуштун тагы... Түндүк Осетиянын Дзуарикау айылында жашаган Газдановдордун үй-бүлөсү жети уулдуу болушкан. Бир баласы 1941-жылы Москванын жанында каза болгон. Дагы экөө 1942-жылы Севастополду коргоо учурунда набыт болушкан. Үчүнчү уулунан кара кагаз келгенде күйүтүнө чыдабай апасы каза болот. Газдановдордун дагы үч уулу Новороссийскиде, Киевде, Белоруссияда болгон салгылашууларда курман болушкан. Айылдык почточу Берлинди алууда каза болгон акыркы, жетинчи уулунун кара кагазы келгенде угузуудан баш тарткан. Анан айыл аксакалдары кайгылуу кабарда угузууга келгенде атасы жалгыз небересин кучактап, босогодо отурган экен. Аны көргөн адамдын жүрөгү чыдабайт эле...

1963-жылы айылга айкел орнотулган. Анда кайгылуу эне жана жети учкан куштун элеси тартылган. Эстеликке дагестандык акын Расул Гамзатов зыярат кылып, бул окуяга жүрөгү канап, авар тилинде ыр жазган. Поэманы орус тилине чыгыш поэзиясынын белгилүү котормочусу Наум Гребнев оодарган. Бул котормо баарыбызга тааныш.

-- Ырга обондун жаралышы да кызыктуу баян экен...

-- Поэма атактуу ырчы Марк Бернстин көңүлүн бурат. Ал үчүн согуш абдан жаралуу, терең тема болгон. Ырчы дароо Ян Френкелге ушул саптардагы ырга музыка жазып берүү өтүнүчү менен кайрылат. Ошентип иш башталгандан эки ай өткөндөн кийин Френкель алгачкы вокалын жазып, дароо Бернске телефон чалат. Ал келип угуп, ыйлап жиберет. Френкель бул жолугушуу боюнча “Бернс сезимтал адам эмес болчу, бирок ага бир нерсе чындап тийгенде ыйлачу” деп эстеди. Андан кийин ырдын үстүндө иштөө тезирээк жүргөн.

Бернс ошол учурда өпкө рагы менен ооруп жаткан. Музыканы уккандан кийин баарын шаштыра баштаган. Френкелдин айтымында, Бернс аз убакыт калганын сезип, өзгөчө ушул ыр менен жашоосуна чекит койгусу келген. Ал буга чейин кыйынчылык менен кыймылдап жаткан, ошентсе да 1969-жылдын 8-июлунда анын уулу Бернсти ыр жаздырган студияга алып келет. Ыр бир эле дубль менен жазылат. Бир айдан кийин, 16-августта айтылуу ырчы Марк Бернст көз жумат.


Расул Гамзатов

Турналар 

Кээде мага, кайран аскер жигиттер

Кала берген кан майдандан кайтпастан

Турна болуп кетишкендей туюлат,

Турпагына кара жердин жатпастан.

Унут калган ошол күндөн бул күнгө

Учат алар, бизди көрсө үн салып.

А болбосо, арман толгон көз менен

Асман бетин тиктейт белек мынчалык?

Карап турсам бүгүн дагы күүгүмдө

Каркыралар туман жарып, асмандай,

Тизген сабын бузбай кетип баратат

Тирүүсүндө катар түшүп баскандай.

Учуп барат, ким бирөөсүн чакырып,

Кезип барат, уч-кыйры жок дүйнөсүн.

Ал ошондон каркыранын тилине

Авар тили үндөш болуп жүрбөсүн?

Чаалыкса да көк тилишкен турналар

Чабытташат, күүгүм туман сапарда.

Калтырылган сыяктанат мен үчүн,

Чакан орун, ошол тыгыз катарда!

Мезгил жетсе турналарга кошулуп

Мен да жөнөйм, боз иңирге катылып,

Желе тарткан куш тилинде көктөгү

Жерде калган атыңардан чакырып.


Которгон Жыргалбек Касаболот

   Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер