КСДПдан кийин “Эмгекке” секирген Жаныбек Абиров жаштардан чыккан шылуунбу?
Алмазбек Атамбаевдин доору жүрүп турганда бизнесмен Болот Абиров баласы Жаныбекти Бишкек шаардык кеңешине КСДПдан депутат кылган. Ал кезде баары шайма-шай эле. “Рассвет”, “Прогресс” деген аталыштагы компанияларды колдонуп, Болот Абиров Казакстандан Бишкек ТЭЦине көмүр ташычу. Шаарда алардан сырткары да бизнестери арбын эле. Мына ошолорду уулуна көзөмөлдөтүү, ашып-ташып баюу таризинде мандатты бетке кармашып, жыргап жашап келишкен. “Кой” деген кожо жок. Атамбаев бийликтен кеткени булардын заманасы тарый баштаганы, мурдагыдай өтүгүн төргө илүү менен ортомчулук (көмүр ташуу) миллиондордон четке сүрүлгөнү каңкууланган. Бирок, топтоп алган байлыктарын сактап калышты. Атасы кайда качканы белгисиз, бирок баласы Жаныбек Абиров кайрадан Бишкек шаардык кеңешине “Эмгек” партиясы аркылуу келүүгө жулунуп, убадаларды урдура берип, элдин башын айландырууда. Өткөн чакырылышта эмне эрдиги менен эсте калды? Жадыбызда калбаптыр. Бул шуулдак бала бир тууган Салымбековдордун “Эмгегине” чиркешип алып, кайрадан жеке бизнестерин өркүндөтүү үчүн баратат да, туурабы? Карасаң, жалаң байлар! Иралды мындай базарчы, коммерсант шылуундарга добуш берген эл келечегине балта чапканы...
"Азия Ньюс" гезити