Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аксакалдар Жапаровго кайрылышып, Жекшенкуловду кайра кызматка коюп берүүсүн өтүнүштү

Аксакалдар Жапаровго кайрылышып, Жекшенкуловду кайра кызматка коюп берүүсүн өтүнүштү

23-октябрь, 08:32
2 027 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу жана премьер-министр С.Н.Жапаровго коомчулуктун өкүлдөрүнөн 

Кайрылуу 

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Ѳткөн жумада "Эркин Тоо" гезитинде ал учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду "ишенимден кеткени үчүн" кызматтан бошоткон жарлыгы жарыяланды. Бул жарлык шашылыш, негизделбестен кабыл алынганы көрүнүп турат. Мамлекеттик кызматка дайындоо, кызматтан алуу эрежелери боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков элчи Аликбек Жекшенкуловду Бишкекке чакырып, кандай себептерге байланыштуу кызматтан алынып жатканын түшүндүрүшү керек эле. Демек, тышкы иштер министрлиги президент Сооронбай Жээнбековго туура эмес, жалган маалымат берип, жарлык чыгартканы ачык-айкын көрүнүп турат. 

Аликбек Жжекшенкулов тажрыйбалуу, таза, мекенчил жетекчи экенин элибиз жакшы билет. Ал Кыргызстан менен Россиянын мамилесинин чыңдалышына чоң салым кошуп жаткан. Ошондой эле пандемия учурунда көптөгөн жакшы иштерди жасай алды. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич ! 

Биз сизден КР тышкы иштер министрлигинин катачылык ишин ондоп, Аликбек Жекшенкуловду кайрадан ээлеген кызмат орунуна коюп берүүңүздү өтүнөбүз. 

1. Мамакеев М.М. – КР Баатыры, КР УИА академиги; 

2. Мамытов М.М. – КР Баатыры, КР УИА академиги; 

3. Базаркулов М.Б. – КР эл мугалими; 

4. Эркебаев А.Э. КР – УИА академиги; 

5. Чыңгышев Т.Ч. – КР экс-премьер-министри; 

6. Муралиев А.М. – КР экс-премьер-министри; 

7. Касиев Н.К. – КР ЖК экс-депутаты; 

8. Керимкулов А.Т. – КР ЖК экс-депутаты; 

9. Осмонов К.Э. – КР ЖК экс-депутаты; 

10. Акматалиев А.А. –КР УИА академиги; 

11. Чырмашев С.Ч. – КР ЖК экс-депутаты; 

12. Кулбаев А.С. – КР ЖК экс-депутаты; 

13. Жанузаков Б.Ч – генерал-лейтенат; 

14. Рыскулов А.Р – КР эл акыны; 

15. Жакшылыков А. – КР эл жазуучусу; 

16. Мамбеталиев О. – КР ЖК экс-депутаты; 

17. Берикбаев Д. – КР ЖК экс-депутаты; 

18. Мырзабеков А.М. – КР эмгек сиңирген дарыгери; 

19. Салымбеков А.М. – КР ЖК экс-депутаты; 

20. Асанов К. – КР ЖК экс-депутаты; 

21. Узакбаев Э. – КР ЖК экс-депутаты; 

22. Акималиев Ж.А. – КР эмгек сиңирген дарыгери; 

23. Кенешов Т.С. – КР эмгек сиңирген куруучусу; 

24. Талгарбеков Б.Т. – КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери; 

25. Табалдиев Т.Т. – КР ЖК экс-депутаты; 

26. Ашыралиев К.Ж. – КР ЖК экс-депутаты; 

27. Кайыпов С. – профессор; 

28. Самудинов Б. – КР эмгек сиңирген кызматкери; 

29. Болотбеков Б.Б. – КР эмгек сиңирген куруучусу; 

30. Костюк А. – КР эмгек сиңирген кызматкери; 

31. Медетбеков Ш. – КР ЖК экс-депутаты; 

32. Кылыралиев З.Т. – КР эмгек сиңирген экономисти; 

33. Касенов Ш.Р. – КР эмгек сиңирген машыктыруучусу

34. Кумаров Б. – коомдук ишмер; 

35. Мамбетов Д.М. – КР эмгек сиңирген куруучусу; 

36. Татыбеков А. – КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; 

37. Чылымов А. – КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; 

38. Бакасов К – коомдук ишмер; 

39. Турдалиева А. – коомдук ишмер; 

40. Абдурашитов А. – КР эмгек сиңирген кызматкери; 

41. Кубаталиев Т – коомдук ишмер; 

42. Бактыгулов К.Б. – коомдук ишмер; 

43. Турдалиев Э. – КР атайын кызматынын ардагери; 

44. Мурзакулов Т. – КР долбоорчулар бирикмесинин төрагасы;

45. Молдалиев А. – жаш активист. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер