Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясатчы Бекболот Талгарбеков 66 жашка толду. Замандаштардын куттуктоосу

Саясатчы Бекболот Талгарбеков 66 жашка толду. Замандаштардын куттуктоосу

03-март, 13:51
2 162 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Азия-Ньюс» гезити менен тыгыз байланышта болуп келе жаткан коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков 3-март күнү 66 жашка толду. Экс-вице-премьер-министр. агабызга бекем ден соолук, узак өмүр, көптөгөн жакшылыктарды каалап, биздин жамааттын куттуктоосу катары ал жөнүндө айрым пикирлерди жарыялоону туура көрдүк. 


Кайырбек САРМАТОВ, дыйкан чарбасынын башчысы, Нарын облусу: «Талгарбеков элге теңдикти жана эркиндикти чогуу берди»

-- Биз Бекболот экөөбүз бир айылдан болобуз. Союз маалында мен отуз жылча башкы чабан болуп иштедим. Жакшы заман эле. Совхоз мага жем-чөбүн, керек болсо тамак-ашыма чейин даярдап берип турчу. Ал мамлекеттин дотациясы экенин биз ал кезде кайдан билдик? Бекболоттун атасы Талгарбек эки жашында жетим калып, төрт жашар агасы Салмоорбек экөө ар кимдин колунда чоңоюшкан. Экөө тең чыйрак чыгып, Талгарбек көп жыл колхоздун башкармасы болду. Бекболот жакшы үй-бүлөдө төрөлүп өстү. Кийин мыкты билим алды. Президент Акаевдин көзүнө илинди. Ага айыл чарбаны реформалоо ишин тапшырды. Бекболот айылдагы өзгөрүүлөрдүн башатында турду. Айылдыктарга жерди, малды, мүлктү тең бөлүп берип, айыл элин кыйрап жаткан колхоз-совхоздордун тепсендисине калтырбай, эркиндикке чыгарды. Талгарбековдун айыл элине теңдикти жана эркиндикти чогуу берген жакшылыгы түбөлүктүү десем болот. Мен эми соңку отуз жылга чукул фермермин. Байбичем, уул-келиним, эки жардамчым менен кой, уй, жылкы, топоз багып келем. Кудайга миң мертебе ыракмат. Союз маалында азыр мен кармаган малды кеминде элүүдөй киши багып, дагы элүүдөй аткаминерлер көзөмөлдөп, текшерип турмак. Ооба, Бекболот тууралуу дагы деле ар кандай пикир айтылат. Менин  баамымда, аны жектегендер – билими тайкылар, жалкоо, жатып ичерлер, ичкиликке жакындар. Бекболотту жактагандар – эмгекти сүйгөндөр, акыл-эси тунук, өлкө өнүксө деген мекенчил адамдар.  


Сапар ОРОЗБАКОВ, көз карандысыз экономист, Бишкек шаары: «Талгарбековго эстелик тургузуш керек!» 

-- «Айыл чарбасын кыйраткан» деп түшүнбөгөндөр тарабынан күнөөлөнүп келген экс-министр Бекболот Талгарбековдун иш-аракети учурунда абдан туура болгон. Аны күнөөлөбөй, тескерисинче, ага эстелик коюш керек. Эгер ал колхоз-совхоздорду реформа кылбаганда, алардан эч мүлк, байлык калмак эмес. Салыштырсак, өнөр жайыбыздан бирдеме калдыбы? Завод-фабрикалардын баары уурдалып-тонолуп, жок болбодубу! Ал эми эркиндик, менчик жолуна түшкөн майда дыйкан чарбалар алгачкы өсүштү камсыз кылганын, эгемен өлкөбүздү сактап калганын кантип айтпай коё алабыз? 


Камчыбек ТАШИЕВ, улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы: «Менин улуу устатым Бекболот Талгарбеков!»

-- Ар бир адам өзүнүн өмүр жолунда, турмушунда, кесибинде, саясатта бир нече устатты тааныйт, билет. Менин турмуштагы, саясат жолундагы улуу устатым Бекболот Талгарбеков. Ал кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсан, мыкты адам, чыныгы реформатор, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер.

Тээ 1997-жылы мен Россиядан жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, жаңыдан элге аралаша баштаган элем. Ал кезде Талгарбеков Жалал-Абад облусунун губернатору эле. Ушул жалган жашоодо, өмүр жолума адамгерчилиги бийик ушундай залкар инсанга жолуктурган Кудайыма ыраазымын! Мына ошол убактан бери мага турмуштук сабагын берип, ишимди туура жолго багыттап келе жатат. Менин жашоомдогу ийгилигиме, саясаттагы жетишкендиктериме Бекболот агамдын көрөгөчтүгү, чыдамкайлыгы, терең акылы жана адилет сыны себепчи болгон деп ишенемин. Ал эми бул кишинин билимин жана тажрыйбасын, күч-кубатын дагы да колдонобуз, буюрса. Биздин бийик максаттар айкын, изги ниеттерибиз бекем, аларды аткарууга убакыт бар, а устатымдын күч-кубаты жетиштүү.


Качкынбай КАДЫРКУЛОВ, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер: «Постсоветтик өлкөлөрдүн биринде да Талгарбековдой айыл чарба реформатору чыкпады»

-- Мен айыл чарба адиси катары бир-эки мисал келтирейин. СССР кезинде, Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздоруна жылына союздан орточо 6,5 млрд. рубль дотация (кайтарылгыс акча жана каражат) берилип турчу. Ал эми 1992-жыл (эгемен Кыргызстан) көрсөткөндөй, республиканын бюджетинин кирешеси 2,1 млрд. рубль экен, б.а. союздун биздин колхоз-совхоздорго берип турчу дотациясы өзүбүздүн жалпы кирешебизден үч эсе көп болгон. Эми элестетели, эгер бизде агрардык реформа болбогондо, анда азыр өкмөтүбүз айыл чарбасына жылына 450 млрд. сом дотация берип туруш керек эле! (2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 148 млрд. сом). Учурда кыргыздын  эркин дыйкандары бир сом дотация албайт эмеспи! Экинчи мисал: 1990-жылдары бир баш койдун базар баасы орточо бир миң рубль, ал эми аны колхоз-совхоздордо бакканга кеткен чыгым төрт миң рубль болгон. Ошондой абалды түшүнгөн адам барбы? Болбой эле жер тепкилеп, айрымдардын «Талгарбеков колхоз-совхоздорду талкалаган» дегендерине таңгаласың. Эмне, колхоз-совхоз айнекпи, «талкалап» салгандай? Тескерисинче, Талгарбеков жүргүзгөн айыл чарба реформасы кыргыз элин ошондогу апааттан аман-эсен сууруп чыкты. Он-жүз миңдеген эркин дыйкандардын катмары пайда болуп, алар оор сынактан өтүшүп, өздөрүн, үй-бүлөсүн гана эмес, Ата мекенибизди сактап калышты. Ошол тарыхый өзгөрүүлөрдүн башында Бекболот Талгарбеков турду. Ал эл-журттун келечеги үчүн баарына кайыл болуп, башын байлап, жанын үрөп иштеп берди. Постсоветтик өлкөлөрдө Талгарбековдой бир да реформатор болбоду.


Али НУРМАТОВ, жеке ишкер, Ош облусу, Кара-Суу району:

“Мыкты реформатордун кадыр-баркын биздин эл баалабай жүрөбүз”

-- Советтер союзу таркап, ар бир өлкө өзүнчө эгемен болуп бөлүнгөндө көпчүлүктүн катарында кыргыз өлкөсү да өзүнчө эгемендүү мамлекет болду. Бирок, ата-энесинен айрылган жетимдей болуп эл кыйналды. Аткаминерлер "эркин мамлекет болдук" деп кубанды. Кубанган менен кантип өлкөнү багып, өнүктүрүп кетүү маселеси турду. Эгемен болгон менен өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө  “рынок экономикасына” өтүп жаткан оор  учурда билимдүү, чынчылдык, лидерлик касиети бар Бекболот Талгарбекович кыргыз элине Кудайдан келген белек болду. Бекболот арканды алыс таштаган, рынок экономикасын  өздөштүргөн мыкты кадр болуп чыкты. Орто Азияда биринчилерден болуп айыл чарбасын реформалоо, элдин жашоо деңгээлин көтөрүү жагынан Бекболот Талгарбековичтей рефоматор жок болчу. Элибиз реформаны түшүнбөй, Бекболотту жаман көргөнбүз. Көрсө, Бекболот жакшы жашоону 20 жыл алдын ала көрө билген оратор, алысты бүркүттөй көргөн көөдөнү жарык инсан экен.

Бекболоттун мыкты сапаты: назары ток, кыргызча айтканда, тукуму таза инсан. Эгер элибиз 90-жылдары Талгарбековду угуп, бай турмуштук тажрыйбасын ошол мезгилде түшүнгөнүбүздө, айыл-мал чарбасында немистерден озуп кетмек экенбиз. Баарынан да жетекчилик жөндөмүн эгер эл түшүнсө, баалай билсеанда Атамбаев же Жээнбековдон көрө Талгарбековду президент кылып шайлап алсак болмок. Өлкөбүз азыр кыйналып турган мезгилде Бекболотой билимдүү, таза инсанга чаңкап турабыз.

 Бекболот Талгарбековичте кадр даярдоо тажрыйбасы күчтүү. Адам менен  маектешип эле анын ким экенин баамдап билет. Тарбиялаган шакирттери жаштар арасында да көп. Анын кадыр-баркын биздин өлкө баалай албай жүрөбүз. Чет өлкөлөр Бекболот Талгарбековичтен “чоң кызматтарга реформа жасап бер” деп далай ирет суранышты. Бирок барбады. Мен бул кишинин билимин, тазалыгын өтө баалайм.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер