Төрт кызын күттүрүп, 39 жаштагы келин дайынсыз болууда
Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылынын 39 жаштагы тургуну Гүлзада Сапитова 8 айлык баласын алып, 5-декабрь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына келиндин эжеси Салтанат Жунушова билдирди. Анын айтымында, жоголгон келиндин кайнагасы Кемин райондук милицияга 12-декабрь күнү арыз менен кайрылган.
"Сиңдимдин кайнагасы Кемин райондук милициясына 12-декабрь күнү арыз жазыптыр. Биз дагы барып жазалы десек, “болду, бир эле арыз жетет” дешти. Сүрөтүн бердик. Сурасак, "азырынча издеп жатабыз, дайын жок" деп билдиришти. Телефону башында иштеп жаткан, кийин такыр эле өчүк. Жанына баласынын бир сыйра кийимин алып эле кетиптир” деп билдирди эжеси Салтанат.
Ал эми дайынсыз болуп жаткан келинди үйдө төрт кызы күтүп жатат.
“Азия Ньюс” гезити