Гүлнара-Клара Самат иштей албай атса, министр эмнеге унчукпайт?
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат алгылыктуу ишин көрсөтө албай, протоколго гана чектелип, чайналып атканын Москвадан кабарлашты. Бир кызматта туруктуу, демилгелүү ишин көрсөтө албаган айымдан эмнени күтсөк болот? Бакиевдин режиминде БШКны жетектей коюп, былыгы чыккандан кийин Россияга качып кеткен. Атамбаевдин доорунда Текебаевдин тилин таап, аз убакыт “Ата Мекен” партиясынан депутат катары төш белги тагынып, ошол эле учурда “Мекенчилге” секирип, айтор, баш айланткан жүрүштөрдү жасаган. Октябрь төңкөрүшү Гүлнара-Клара Саматтын бактысын ачты. Чуркап жүрүп Москвага элчи катары эрмешип, бирок жарытылуу кызматын бийликке, элибизге да көрсөтө албай, кыйналып атканы кандай? Мындай кадрдын айынан эки мамлекеттин мамилеси солгундап, кедери тийип калбайбы? Министр Руслан Казакбаевдин көзү баарына жетип турса да, эмне үчүн бул элчинин дараметсиздиги жагынан үн катпайт? Кыскасы, күмөндүү ойлордун түйүнү чечилиши зарыл.
"Азия Ньюс" гезити