Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил Байсаловго “борсулдаган” мадырабаштар парламентке көө сыйпай беришеби?

Эдил Байсаловго “борсулдаган” мадырабаштар парламентке көө сыйпай беришеби?

28-июнь, 13:07
205 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдунан алысты көрө албаган Улан Бакасов менен “шакмарлуу” Айбек Осмонов оңбогондой жаза басышты. Эч мааниси жок эле парламенттен Эдил Байсаловго атырылышып, “үнүбүздү бийик чыгаралы, өктөм сүйлөп, элге көрүнөлү” дегендей чала сабаттык жүрүш салышты. Эстүү, билимдүү катмар бу эки депутаттын деңгээлдери тайкы экенин, маселени түшүнүшпөй эле одураңдай беришерин таңгалуу таризинде кабыл алышты. Эптеп мандатка жетишкен, эч нерсени көрө элек мадырабаштардын “борсулдай” беришкени Жогорку Кеңештин жүзүнө көө сымал сүйкөлдү. Акылдары жетсе катачылык кетиришкенин аңдашат, а болбосо “бүкүрдү көр түзөйт” дечү беле?.. 

Эми Эдил Байсаловго келсек, бул фигура чоң саясатта жыйырма жылдай убакыттан бери кайнап, демократия, адам укугу, сөз эркиндигине салым кошкону, ар дайым мыйзамдуулук үчүн жан сабап келгени белгилүү. Соңку жылдары терең билими, бай тажрыйбасы менен жогорку кызматтарда карьера жасап, элибиз үчүн жан аябай кызматын кылып келатат. Албетте, иштеген адам айрым катачылыктарды кетириши мүмкүн. Бирок мамлекеттүүлүккө доо кетирген жок да, майда-барат нерселерди оңдосо болот. Түпкүрүндө вице-премьер-министрдин алган багыты, тазалыгы, иштермандыгы үмүт гана жаратууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер