Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азимбек Бекназаровдун окулбай калган доклады...

Азимбек Бекназаровдун окулбай калган доклады...

07-апрель, 09:40
7 232 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    Кутмандуу кыргыз калкым! Урматтуу президент!

Туптуура 10 жыл мурда, так ушул 7-апрелде бүткүл дүйнө эли «бали, кыргыз!», «жаша кыргыз!» деп кыргызга суктанган, тамшанган күн болгон. Ошол ары сыймыктуу, ары кайгылуу, ары тарыхый күндүн бир гана ээси өзүңсүң кутмандуу кыргыз элим! Сиздерди ушул бүгүнкү тарыхый күнүбүз менен (ошондо араңарда жүргөн бириңер катары) чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Үй-бүлөлүк башкарууга каршы болгон күрөштө шейит болгондордун жакындарына орду толгус кайгылары үчүн көңүл айтам. 

Урматтуу Сооронбай Шарипович, быйылкы 7-апрель мурдагы жылдардагыдан башкача, өзгөчө белгилениши керек. Анткени ошол тарыхый күнгө бүгүн 10 жыл толуп отурат. Убактылуу өкмөт тарабынан белгиленген 10 жылдык өткөөл мезгил да аяктоодо. Бүгүн биз мурдагыдай 7-апрель элдик ыңкылаптын келип чыгышынын себептерин, баатырларды, күнөөлүүлөрдү кайталап айтуунун кереги жок деп эсептейм. Баары такталган, айтылган, жазылган, калганы тарыхчылардын иши.

Биз бүгүн ээлеген кызмат ордубузга, социалдык абалыбызга карабай, айрыкча урматтуу президент, сиз, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, башка  мамлекеттик чиновниктер, саясатчылар, журналисттер, Апрель баатырлары, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү – баарыбыз бири-бирибиздин көзүбүзгө тике карап, ачуу чындыктан тайбай, көтөрүмдүү, чыдамдуу болуп, “10 жылдык өткөөл мезгилде элдик ыңкылап өз максатына жеттиби? Негизги талаптар ишке аштыбы?” деген суроолорго ачык жооп беришибиз керек! Элге отчет берчү күн келди!

Элибизге миң мертебе таазим! Алар ушул суроолорго жоопту 10 жылдан бери күтүп, 10 жыл бийликке толук мүмкүнчүлүк берди. Чыдады. Дагы деле үмүтү үзүлө элек...

1. Менин жеке пикиримде, элдик ыңкылап өз максатына толук жете элек. Муну мен 10 жыл бою айтып келдим. Бирок, 10 жылдык өткөөл мезгилде эң башкысы:

-- элдин жеңиши өлкө ичинде эле эмес, эл аралык деңгээлде да, саясый жана укуктук жактан да де-юре, де-факто болуп биротоло таанылды, бекиди;

-- бүгүн кыргыз эли Борбор Азияда эле эмес, бүтүндөй постсоветтик аймактагы саясый жактан эң эркин элдин бирине айланды;

-- Кыргызстанды монархиялык республикага айлантуу үчүн үй-бүлөлүк «Акжол» парламентинин конституциялык реформасы, президенттик кеңешмеси, Максим Бакиеви менен тарых таштандысына ыргытылды;

-- мамлекеттик бийликти башкарышкан президент менен Жогорку Кеңеш өткөөл мезгил ичинде Конституция менен мыйзамдарда бекитилген тартипте, мөөнөттөрдө эки жолудан алмашылды. Бийликтин тынчтык жолу аркылуу мезгил-мезгили менен алмашып, жаңыланып туруусу айныгыс жолго түштү. Жана башка бийликтин милдетине кирген күнүмдүк, утурумдук иштер аткарылууда.

2. Ошону менен бирге 10 жылдык өткөөл мезгилде Апрель элдик ыңкылабынын төмөнкү негизги максат-талаптары ишке ашкан жок:

-- президенттик мыйзамсыз жеке башкаруу жоюлбады. Болгону, таза үй-бүлөлүк түрүнө – үй-бүлөлүк парламент, үй-бүлөлүк партия, депутат, үй-бүлөлүк өкмөт түрүнө алмашылды;

-- Үй-бүлөлүк башкаруунун, бийликтин системасындагы коррупциянын булагы болгон үй-бүлөлүк депутаттарды аныктоо, партияны түзүү, аны менен үй-бүлөлүк парламентти, өкмөттү, башка бийлик органдарын жаратуу, шайлоолордо өздөрү түзгөн партиялык тизмени шайлатуу жоюлган жок. Кайра өнүктүрүлүп, бекем корголууда;

-- эки элдик ыңкылаптын башкы талабы болгон эгемендүүлүк доорундагы баардык парламенттердин (азыркыны кошпогондо) атайын комиссия-комитеттери, нечендеген саясый-коомдук уюмдар, элдик курултайлар, конференциялар, жеке инсандар тарабынан нечен ирет көтөрүлгөн, айтылган. Биринчи президент тарабынан чет элдиктерге мыйзамсыз сатылып, кийинкилери аны бекемдеп, улантып жүрүшкөн Кумтөр, Жерүй ж.б. кен байлыктарыбызды мамлекетке кайтаруу, бекем мамлекеттик көзөмөлгө алуу, элдин кызыкчылыгына иштетүү болгон жок. Кен байлыктарыбыз толугу менен 1992-жылдан бери чет элдиктердин колунда калып, колдон-колго сатылып жүрөт. Элдин (мамлекеттин) үлүшү же акциясы жок;

3. Өткөөл мезгилде:

-- кыргыз улутун заманбап кайра жаратуучу, жаңылоочу улуттук идеология, өнүгүүнүн улуттук жолу аныкталбады. Тескерисинче, нечендеген кылымдар бою улуттун Конституциясы катары калыптанган, кыргызды бир бүтүн улут катары бириктирип сактап келген каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын, тарыхын, тилин, динин (салттуу мусулманчылык) жок кылуу, кыргыздын өзүн бөлүп-жаруучу, басмырлап-кемсинтүүчү, шылдыңдоочу жосун-жоруктар, аракеттер, эң жогорку деңгээлдеги кызмат адамдары, айрым «киргиз» батышчылар, ашкере исламчылар, секталар, алардын ММКлары, интернет-сайттары аркылуу ачыктан-ачык чыгуу көбөйдү;

-- кыргызды арабдаштыруу, либералдаштыруу же улут катары жок кылуу максатында, сырт жактан атайын долбоор түрүндө келген акчаларга иш-чараларды өткөрүү, укуктук реформа жүргүзүү көбөйдү;

-- саясат менен бизнес аралашып, мамлекеттик бийликтин коммерсант саясатчылардын колуна биротоло өткөрүлүшү;

-- өзүңдүн кыргыз экениңди ачык көрсөтүүнү өз паспортуңдан өчүрүү;

-- сатыла элек стратегиялык объектилерди чет элдиктерге итбекер сатуу;

-- Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылышыж.б.у.с. улуттун намысын кетирген жоруктар так ушул өткөөл мезгилде болуп, ага эң жогорку мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бирдиктүү аракеттенишкени тынчсыздандырбай койбойт.

4. Эмне кылышыбыз керек?

1) Мага окшоп өз оюн ачык айтып, сунуш бергендерди көнгөн адатыбызча «эл душманы» катары эсептебей, ачык айтылган сын-пикирлерди топтоп, терең анализдеп, 10 жыл ичинде аткарылбаган маселелерди (чынында булар 30 жылдан берки маселелер) аткарууну же аткарбоону биз бүгүн – так ушул   7-апрель күнү элге ачык айтышыбыз керек! Айрыкча үй-бүлөлүк башкаруу, шайлоо системасы, кен байлыктарды кайтаруу, башкаруунун түрү, бийликтин эл алдындагы отчеттуулугу боюнча ж.б.

2) Анүчүн бүгүн, же тез арада башында урматтуу президентибиз өзү турган атайын комиссия түзүүнү бүгүнкү жыйынга жана кыргыз элине сунуш кылам.

3) Ал комиссия тез аранын ичинде бүгүн айтылган, мурда айтылып келген баардык ой-пикирлерди, сунуштарды топтоп, анализдеп, элдик ыңкылаптын кайсы талабы качан аткарылат, кайсы талаптары эмне себептен аткарылбайт – элге ачык жарыялашы керек. Элдин чыдамынан пайдаланып упчу эмизгенди, шылтоо таап актанууну токтотуп, активдүү иш-чарага өтүү зарыл!

4) 7-апрель элдик ыңкылаптын негизги талаптарын аткаруу боюнча сунуштарым:

Үй-бүлөлүк башкарууну сындырып, укуктук башкарууга өтүү жолу катары:

-- башкаруунун түрүн эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болгон элдин өзүнө референдумга чыгарып тандатуу;

-- эл тандаган бийликке ылайыкталган жаңы Конституцияны иштеп чыгуу, мамлекеттик бийликтин санын, анын ичинде депутаттардын да санын кескин азайтуу;

-- 27 жыл ичинде элибиз өз бийлигин бир да жолу тандаган жок. Ошол эле учурда элдин укуктук жактан сабатсыз экенинен пайдаланып, мурдагы баардык президенттер, Убактылуу өкмөт 1993-жылкы Конституцияны өздөрү каалагандай он жолу референдум аркылуу оңдоп келишти. Референдум аркылуу бийликте турган президенттерге, Жогорку Кеңешке Конституцияны же кайсы бир мыйзамды толугу менен элге чыгарып узурпациялоону токтотуу – учурдун талабы. Бул 1994-жылдан бери акаевдик лжереформаторлор киргизип кеткен мыйзамсыз жол!

5. Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлатууну жоюу боюнча:

-- бул бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселе. Азыркы шайлоо системасы, мамлекеттин саясый системадагы коррупциянын, үй-бүлөлүк башкаруунун түздөн-түз булагы, саясый коррупциянын «коронавирусу» десек да туура болот. Бул шайлоо системасы 2007-жылы күзүндө ошондогу парламентти таркатуу, анын ордуна үй-бүлөлүк “Акжол” парламентин түзүү максатында бакиевдер тарабынан референдум аркылуу киргизилген. Убактылуу өкмөттүн күнөөсү менен жоюлбай, ушул күнгө чейин иштеп жатат. Муну жоюу үчүн референдумга чыгарса да болот, чыгарбай эле, азыркы Конституциянын 2-беренесинин 4-пунктуна каршы ченем катары Шайлоо кодексин оңдоп койсо да болот. Конституцияда «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо – жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде, жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт» деп бекитилген (2-б.4-п.). Бул жалпы таанылган эл аралык стандарттагы ченем. «Партиялык тизмени же партиялык тизмедеги гана адамды шайлоо» деген жок.

6. 1992-жылдан бери чет элдиктердин колунда жүрүп, колдон-колго сатылып жүргөн кен байлыктарды кайтаруу боюнча:

-- азыркы күчүндө турган Башмыйзамыбыздын 12-беренесинин 5-пунктунда минтип жазылган: «Жер, анын кен байлыктары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстандын элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат» деп. Ушул ченемге ылайык кен байлыктарды кайра кайтарып алуу же жаңы келишим түзүү, элдин үлүшүн аныктоо менен чет элдик инвесторлорго берүү өзүбүздүн эгемендүү укук жана милдет. Бул укугубузду эч ким, эл аралык сот да чектей албайт. Акаев тарабынан кен байлыктарыбыздын чет элдиктерге берилиши – эгемендүүлүктүн бузулушу жана чыккынчылык катары бааланып, 1992-жылдан бери парламенттик, мамлекеттик, коомдук-саясый деңгээлде нечен жолу айтылды. Өткөөл мезгилдеги эки президент – Алмазбек Атамбаев «коррупциялык келишимдер менен иштеп жаткан кен байлыктарды улутташтыруу керек» десе, Сооронбай Жээнбеков «кен байлыктар мамлекеттин көзөмөлүнөн таптакыр чыгып кетиптир» деп, бул ачуу чындыкты моюндарына алышты. Анда эмне үчүн кен байлыктарыбызды өзүбүз көзөмөлгө алып, элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштетпейбиз? Аларды кантип мамлекетке кайтаруу керек? Түйүндүн жандырмагы ушул суроолордун жообунда жатат. «Эл аралык соттон утулабыз», «миллиондогон айып тартабыз», «өзүбүз иштете албайбыз», «мурдагы бийлик биротоло берип салыптыр» ж.б.у.с. актанган, суу кечпеген шылтоолор. Кен байлыктарыбызды мамлекеттин көзөмөлүнө бекем алып, элдин үлүшүн жок дегенде өндүрүлгөн товардын же кендин аныкталган корунан 51 пайыздан кем эмес кылып мыйзам түрүндө аныктап, мамлекеттин колунда кармаганда, бүгүнкүдөй оор күндөрдө элибиз да, мамлекетибиз да  мынчалык финансылык кыйынчылыкка дуушар болмок эмес. Ушундан бийлик тыянак чыгарып, Жогорку Кеңеш менен өкмөт конституциялык ыйгарым укугун аткарып, кен байлыктарды кайтарууну тезинен чечет го деп ойлойм. Болбосо, мындай Жогорку Кеңеш менен өкмөттү күзүндөгү шайлоого бирин да киргизбөөнү сунуштайм.

7. Бийликтин эл алдындагы отчеттуулугу боюнча:

-- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-пунктунда «Кыргызстандын эли – эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы» деп жазылганы менен 10 жылдык өткөөл мезгилде эч бир бийлик эл алдында отчет берген жок жана эч кандай жоопкерчиликсиз иштеди. Кесепетинде, карапайым эл жабыр тартууда. 

Биз улутчул-мекенчил күчтөр 2016-жылдан бери президенттен тартып, айыл өкмөт башчысына чейин ар жылдык аткарган иши боюнча шайлоочуларына элдик курултайларда отчет берип, элдик баа алып туруусун сунуштап жүрөбүз. Бул болгону толук демократия. Эгерде «элдик курултай» деген сөз жакпаса, «элдик форум» дегиле, эй “киргиздер”! Бирок “элдик курултайда ар жыл сайын элге отчет берип калат экенбиз” деп Конституцияда каралган мыйзамды 10 жыл кабыл албай коюу да кылмыш, урматтуу депутаттар. Бул маселени ошол каралбай жүргөн  «Элдик курултайлар жөнүндөгү» мыйзам менен чечсе болот.

8. Кыргыз Республикасын улуттук нуктагы демократиялык, укуктук мамлекет катары түптөө боюнча:

-- кыргыз улутунун тарыхына, маданиятына, каада-салтына, тилине, динине каршыларга кыргызды кандай түрдө болбосун шылдыңдап, кемсинтип сүйлөгөндөрдү, бөлүп-жаргандарды өзгөчө ири өлчөмдө айып салуу менен Кыргызстандын жарандыгынан чыгарып, өлкөдөн кетирип жиберүүгө чейин жазалоону сунуштайм;

-- сырттан келген акчаларга саясый-экономикалык, укуктук реформаларды, маданий иш-чараларды өткөрүп жүрүп итаягыбызды таппай калдык. Муну токтотуу бышып жетилди деп ойлойм;

-- эгемендүүлүк доорундагы мурдагы баардык президенттер, алардын өкмөт башчылары бизнес менен саясатты аралаштырганы үчүн азыр баардыгы сыртта качып жүрүшөт, же түрмөдө отурушат. Өздөрү эле эмес, үй-бүлөсүн, жакындарын, элди, мамлекетти, келечекти туңгуюкка, азапка, күнкорлукка салып кетишти. Мындан сабак алып, тыянак чыгарууну сунуштайм.

Бул маселелерди кантип чечебиз, же өткөөл мезгил керекпи?

Урматтуу мекендештер! Урматтуу президент! Мен эки жолду карап көрүүнү сунуштайм: 

Биринчи жол – бул мыйзамдуу, туура, тез, тынчтык менен ишке ашчу кыска жол. Урматтуу Соооронбай Шарипович! Бул жол сиздин жеке колуңуздагы жол. Сиздин саясый эркиңизге, аракетиңизге жараша ишке ашырылат. Биздикиндей де-факто жеке башкаруусу бар өлкөлөрдө ар кандай реформалар «улуу урматтуунун» буйругу менен, анын жетекчилигинде ишке ашырылат. Азыркы парламент иштөө стили боюнча Бакиевдик «Акжол» парламентинен, өкмөтүбүз болсо мурдагы баардык президенттердин үй-бүлөлүк өкмөтүнөн эч айырмасы жок. Бир жагынан мындай парламент, өкмөт менен элдин кызыкчылыгындагы маселелерди чечүү президенттер үчүн жеңил болот. Эгерде сиз жогорудагы элдик ыңкылаптын чечилбей жүргөн талаптарын Жогорку Кеңеш менен өкмөткө, бүгүн – ушул тарыхый күндө ачык эле «жайкы каникулга чейин чечкиле» десеңиз, алар аны азыркы карантин бүткүчө эле чечип салышы мүмкүн. Анткени баардык маселелер, башкаруунун түрүнөн башкасы азыркы Конституцияга ылайык, алар чече турган эле маселелер. Эгерде алар сиздин өтүнүчтү аткарбаса, алар кимдин парламенти жана өкмөтү экени түшүнүктүү болот.

Ал эми сизде болсо мамлекет башчысы катары экинчи жол ачылат. Бул да мыйзамдуу, бирок узак жол. Азыркы парламент менен өкмөт мамлекет башчынын өтүнүчүн аткарбаса, анда алардын бирине да «президенттин партиясы» деген статус бербей, күзүндөгү Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого жогорку ыңкылаптын максат-талаптарын туу туткан жаңы партия менен баруу керек. Жогорудагы элдин талабы менен шайлоого барган партия эгерде президенттин көзү түз болсо, акчасыз эле шайлоочулардын 80-90 пайыз добушун алат.

Урматтуу президент! Шайлоодо сиз менен жогорку идеяларды, маселелерди ишке ашырууга даяр, сиз менен үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштө үзөңгүлөш жүргөн чыныгы революционерлер, активисттер, эң башкысы, өз депутатын түз, тике шайлай албай калган, өз кен байлыктарыбызга өзүбүз ээ боло албай ишсиз жүрүшкөн эки элдик ыңкылаптын чыныгы ээси – кыргыз эли сизди колдоп чыгат. Мына ошол 30 жылдан бери топтолгон көйгөйлөрдү чечүүнү чындап туу туткан жаңы партия, парламент менен жаңы Кыргызстанды куруп, сиз мурдагы президенттердин катачылыгын кайталабай, алардан башкача тарыхта каласыз!

Эгерде бүгүн биз азыркы шартка байланыштуу элге конкреттүү эч нерсе айтпай, тар чөйрөдө, кыска мөөнөттө эскерүүнү белгилеп, музейди ачып, ошол бойдон тарап кетип, азыркы шайлоо системасы менен азыркы эле айланаңызда жүргөндөр менен күзүндөгү шайлоого кетсек, анда азырынча эч ким каалабаган үчүнчү жол өзүнөн-өзү жараларын эскертем! Бул менин биринчи эскертүүм болсун. 

Ооба, күзүндөгү шайлоодо (2015-жылкы шайлоодо Атамбаев шопурлары менен тандаган адамдар депутат болуп, алар тандаган партиялар менен Жогорку Кеңешти түзгөндөй эле) сиз жана сиздин жакындарыңыз тандаган адамдар депутат болуп келет. Талаш жок! Андай болсо сизге экинчи эскертүүм: 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин бакиевдик партиялык тизмени шайлатуу шайлоо системасын бузбай, «Акжол» партиясынын ордунан өз партияларын көрүшкөн айрым Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошондо чоң саясый катачылык кетиришкенин азыр сезишти го. Азыр алардын партиялары ошондогу «Акжолдун» кейпинде болсо, өздөрүнүн абалы деле Бакиевдердикинен жакшы эмес. Атамбаевдин кетирген эң чоң саясый катасы – кемчилигин бетке айткан революциялык үзөңгүлөштөрүн душман көрүп, айланасына Апрель революциясынан кийин элден коркуп, кокту-колотто, кой короолорго чейин бекинип жашап калган мурдагы президенттердин “рзыматтарын” “шайлоодо берем” деген убада акчаларына карап, аларды кайра Жогорку Кеңештин спикери, депутаты, өкмөт башчы, министр, губернатор, прокурор, сот кылганында болду. Алар да Атамбаевден оомат кеткиче анын шопур, катчыларына чейин сыйынып жүрүштү. Соксо да, шылдыңдаса да “сиздин сокконуңуз бизге дары” дегендери да болду. Атамбаевден оомат кетери менен аны “оптом” сатышты да, азыр сиздин колтугуңузга киришти.

Алар бир ок менен үч коён атышты: биринчиси, Атамбаевдин тилин таап, кой короо, кокту-колоттон чыгып, кайра элге аралашты, чоң-чоң кызматтарды ээлешти. Экинчиси, азыр мурда сатып кеткен кожоюндарына, Москвага, Минскиге ат тезегин кургатпай ачык каттап, “мына, Атамбаевден өчүңүздү алып бердик” деп актанып жүрүшөт. Үчүнчүсү, “сиздин тапшырмаңызды аткардык, Атамбаевдин кол тийбестигин алдык, айыпты олчойтуп илдик” дешип, сиздин ишеничиңизге да киришти. Ушундан улам сизге үчүнчү эскертүүм: дагы 2-3 жылдан кийин алар “биз Кумтөрдү, Жерүйдү ж.б. кен байлыктарды элге алмакпыз, элдин үлүшүн 80 пайыз кылмакпыз, шайлоо системасын оңдомокпуз, коррупцияны жоймокпуз, элдик курултай жөнүндөгү мыйзамды эбак алмакпыз, Сооронбай Жээнбеков менен Мухамметкалый Абылгазиев колду, бутту толгоп, алдыртпай койгон” дебесе болду.

Урматтуу президент!

Бизсиз, сизсиз, азыркы Жогорку Кеңешсиз, өкмөтсүз деле эртеби-кечпи кыргыз эли өз бийлигине, өз байлыгына толук ээ болот. Депутаттарды тике, түз тандап шайлайт. Кен байлыктарды чет элдик шумпайлардан кайтарып алат. Маселе убакытта эле. Качан? Ошондо Акаев-Бирштейндин ишин аткарышкан мурдагы баардык өкмөт башчылар, министрлер, депутаттар, ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин ошол коррупциялык келишимдерди буздурбай коргоп жүрүшкөн президенттер, өкмөт башчы, депутаттар – баары эл алдында бирдей жооп берер күн да келет. Аларга эскирүү мөөнөтү жок! Өкүндүргөнү – Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү, айрым революционер депутаттар ошол Акаевдик коррупциялык маселелер, Бакиевдик мыйзамсыз шайлоо системасы, башкаруунун түрү, бийликтин эл адындагы отчеттуулугу, кыргыз улутунун келечеги жөнүндөгү маселелер боюнча үн чыгармак тургай, айрымдары ал маселелерге активдүү каршылык көрсөтүп жатканына түшүнбөйсүң… Ушундай чоң-чоң кызматтарга, абалга, депутат болгонго 7-апрель жол ачпады беле?!.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиздин алдыңызда кыргыз башы болуп тарыхта кала турган толук мүмкүнчүлүк турат, пайдаланыңыз! Үй-бүлөлүк парламент, өкмөт, партия мурдагы президенттердин бирин да сактап калган эмес! Чыныгы улут лидери бир партияга эмес, жалпы элге таянып иштейт.

Урматтуу мекендештерим! Мен бул сөздөрдү 7-апрель элдик революциянын 10 жылдык жыйынында айтам деп үмүттөнүп жүрдүм эле. Коронавирус деген тумоо мени Кыргызстанга, сиздерге жеткирбеди. “Өзүм жетпесем да үнүм жетсин” деп ушул кайрылуу менен чыгып отурам. Ар дайым жамандыктын артынан жакшылык келет. Коронавирус менен жашоо, турмуш бүтпөйт, муну жалпы элге келген сыноо катары кабыл алалы. Миңдеген жылдар кыргызды буга окшогон тумоолор, зилзала кырсыктар, тарыхый душманы кытай менен калмактар жеңе алган эмес. Акыркы 170 жылдай мезгилде кыргыз «киргиздешти», бирок орусташкан жок! 1916-жылкы тукумкурутта аман калды. Азыр кыргыз эгемендүүлүгүн алган, өз мамлекети бар кутман элге айландык. Бул биздин эң башкы байлык! Кыргызды жалпы элге тийчү ар кандай зилзала, тумоолордон, ички-сырткы душмандардан төрт нерсе сактап, коргоп келген: 

1) Кыргыздын колдоочусу бар, ал – Жараткан жалгыз. Бир кудай өзү ар дайым кыргызга жар болуп, ар кандай балээ тумоолордон, душмандардан сактап келген Кудай дейли!

2) Жалпы элге келген ар кандай апааттарда, жамандык-жакшылыкта кыргыздар бир муштумдай бириге калып, душмандарга каршы туруп, жеңе билген. Ушул ынтымак салтыбыздан жазбайлы!

3) Түгөнөт десе кайра түтөп, кырылат десе кайра күчөп, ар кандай апааттарда, согуштарда кыргыз духун жоготкон эмес. Духуңду түшүрбө, кыргызым!

4) Кыргыздар иммунитет, духун тоолордон, тоо койнундагы мөлтүр кашка суулардан алып турган. Тоолор – кыргыздын жаны, үйү, коргоочусу болгон. Ошон үчүн кыргыздар тоо бүркүтүндөй эркиндикти сүйгөн эл. Жалпы адамзатына түшкөн азыркы коронавирус деген балээге да тоодой болуп бийик тур, кыргызым!

Эгерде биз азыр интернет сайттарда чыгып жаткан тирукмуш имиш-имиштерге, наалыган, бирөөгө таарынгандай айтылып жаткан ар нерселерге, пессимисттик ыр-күүлөргө көңүл чөктүрбөй, паникага түшпөй, акыл-эс, сабырдуулук менен иш кылсак, өзүбүздүн бийликтин, медиктерибиздин аныктаган санитардык эрежелерин бекем сактап аткарсак, бейчеки (дайди) нары-бери басканды, сүйлөгөндү азайтып, жалпы аракеттенсек, коронавирусу да, анын артынан саясый коррупциясы да биздин Ала-Тообуздан өзү эле качып кетет!

Эй кыргыз! Көтөр башты, духуңду түшүрбө! Сени 16-апрелден кийин төрт түлүк малың менен жайлооң, кетмен шайманың менен эгин талааң, алма багың, эт, сүт, айран, кымызың, жер-жемиш, жашылчаларың менен базарың күтүп турат!

Саламым менен Азимбек Бекназаров

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер