Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айсулуу Мамамшова, ЖК депутаты: “Билим берүү министрлиги чындап эле жетишпей жатат”

Айсулуу Мамамшова, ЖК депутаты: “Билим берүү министрлиги чындап эле жетишпей жатат”

27-декабрь, 18:57
955 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айсулуу Турусбековна, билим берүү министрлигин экиге бөлүү боюнча сунуштар айтылууда. Кандай деп ойлойсуз, ушундай зарылчылык барбы?

-Чындыгында эле бүгүн көп жумуш билим берүү министрлигинин мойнуна илинип калган. Бирок, ушундай бөлүнүү көйгөйлөрдү чечип, жумушту бир аз болсо да жеңилдетип, ийгилик алып келсе, мен колдомокмун. Бир министрлик чындап эле баарына жетишпей жатат. Мисалы, инклюзивдик билим берүүнү алалы, аларды жөнөкөй мектептерге окуталы десек программасы жок, бул тармак боюнча бир гана адис бар. Натыйжада жүздөгөн балдарыбыз мектепке баралбай калып жатышат. 

-Бирок, жаңы бир түзүмдүн пайда болгону көйгөйлөрдү чече алабы?

-Өзү иштейм деген адам иштеп, чечем деген көйгөйдү чечет. Андыктан, кадрлар жагын да жакшылап карап көрүш керек деген ойдомун. Бүгүнкү күндө сапаттуу кадрлар жетишсиз болууда. Албетте, билим берүү сыяктуу чоң министрликте реформаны заматта эле жүргүзүш өтө кыйын. Алардын жумушу чындап эле оор жана көп. 

-Баса, медицина тармагы боюнча сиз сунуштаган мыйзам долбоорунун тагдыры кандай болду?

-Үч окуудан колдоо тапты. Мен долбоордо бир гана мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилери гана бир убакта жеке менчик клиникаларда иштей алышпайт деп сунуштаган болчумун. Бирок, комитеттин эки мүчөсү сунуш киргизип, алардын катарына бөлүмдүн башчыларын да кошушту. Ал эми катардагы врачтар эки жакта тең иштей алышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер