Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуркан Койчуманова, акын: “Кызганычтын айынан жазган ырларыбыздын азабын да, жыргалын да тарттык”

Нуркан Койчуманова, акын: “Кызганычтын айынан жазган ырларыбыздын азабын да, жыргалын да тарттык”

02-сентябрь, 21:07
988 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуркан эже, жүрөккө жеткен саптарды жазып, жакшы ырларды жаратып жатасыз. Сизди элге акындык өнөр тааныттыбы же тамадалыкпы?

-- Акын катары элге жакшы тааныла албасам да, чыгармачыл чөйрөдө сөз баккан инсан катары өз ордум бар. Мендейлерди элибиз "чечен", "жамакчы", "сөзмөр" деп коюшат. Мына ошол куюлуштуруп сүйлөгөн өнөрүм мени калың элдин катмарына тамада катары да таанытты. 1991-жылдары элде тамада деген түшүнүк жок эле. Ал кезде бизди "эрке кыз", "алып баруучу" деп коюшчу.

-- Биринчи жазган ырыңыз эсиңиздеби?

-- Биринчи жазган ырым көпчүлүк жазмакерлер сыяктуу эле мектеп босогосун аттаганда башталган. 

Кыял менен таң атат,

Куштар кетип баратат, - деген саптары бар эле. Калганы эсимде жок. Менин атам Койчуманов Кадыр, апам Кудайбергенова Жыпар кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалимдери эле. Сынчыларым күчтүү болгон үчүн тартынып, жазган ырларымы көп көрсөтө берчү эмесмин. 

-- Акындар ырды “Кудай берген ырыскы дешет экен. Сиз ырды күндө жазасызбы же анда-мында элеби

-- Деги эле өнөр бул Кудайдын пендеге берген тартуусу, ырыскысы деп билем. Ырды күндө эле жаза бербейм. 

Ыр саптары агып келет миңдеген, 

Жашап жатам ошол жазган ыр менен... – дегендей, бир мезгилде ыргактар менен ыргалып, кыялданып жашаган күндөрүм болгон. Жыл өткөн сайын турмушка карата көз карашың калыптанып, акыл калчап калгандан кийин талдап сүйлөп, тандап кадам шилтеп калат экенсиң. Бул да болсо жакшы-жаман сөзгө периштелер бата берип, кабыл болоруна ынанып, сөздүн күчүнө, касиетине таазим этип, акындардын жазган ырлары өздөрү менен тагдырлаш болуп калганына да күбө болуп жүрөбүз. Сөздүн баркы кетип турган заманда ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө деп бекер айтылбайт да, зыяны тийбесин деп көбүнчө өзүмдү тыйып турам.

-- Баса, сиздин ырчылык да өнөрүңүз бар. Кайсы ыр сизге визиттик карточка болду? Кайсы ырларыңызга обон чыгып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапты?

-- Мен 1994-жылы Азада Бегимкулованын сөзүнө жазылган Арзыбек Бедияровдун "Аядым" деген ырын "Ыр кеседе" ырдап чыгып, элге ырчы катары таанылдым. Менин визиттик карточкам ушул ыр болду. Ал эми өзүмдүн ырларыма өмүр тилейм...

Суук көзгө карегимди соолутпа,

Жаман сөзгө көңүлүмдү оорутпа.

Оо Жараткан өзүң берген энчиң бул,

Өнөр жолдо жандүйнөмдү толукта, - деп ар бир чыгармам өз күйөрманын тапса, ошол жеңишим жемиштүү болгону. Эстрада ырчылары, легендарлуу “Кызурак” тобунун ырчы кыздары Айжамал Кабылова ырдаган Бир өзүң болТурмуш сабагы, Гүлнара Калдарова ырдаган “Бак тиледим кызымаАялзат”, Кенже Дүйшеева ырдаган “Аллага кат, композитор Жамиля Муратованын ИшенимБейиштин төрү беле?”, Арзыбек Бедияров жана башка обончулардын жараткан обондору өз угармандарын тапканы автор катары мени кубандырат. 

-Акындык менен аялдык түйшүктү чогуу көтөрүү аялзаты үчүн кыйынчылык жаратпайбы?

-Албетте, ар бир нерсенин өзүнө жараша түйшүгү бар. Түшүнбөстүктүн, кызганычтын айынан жазган ырларыбыздын азабын, жыргалын да тарткан күндөр болду. Алардын арасында өкүнүчтүүсү, кызганычтан тытылган, өрттөлгөн армандуу ыр сапттарыбыз да бар... Кудайдан жашырбаганды пендеден жашырабызбы? Кимге, качан жазылган?” деген жообу жок суроолордун оң да, терс да таасирин эстейм... Ушундай чыгармачыл инсан болуу чоң сыймык эмеспи, экинчи жагынан чоң түйшүк. Анткени "Жүк арткандай качырга, абдан кыйын түгөй болуш акынга” дегендей, өнөрүңдү баалап, түшүнүү менен колдой билүү үчүн айкөл жүрөк керек. Жер жарылса акындын жүрөгүнөн өтөт деп бекеринен айтылбайт да. Табигатыбыздан кыялкеч, сезимтал келебиз, эч ким билбеген өзүнчө бир жасалма дүйнөбүз бар... Кыялдын канатында кайкып жүргөн учурларыбыз көп. Акынга дем, чыгармачылык шык берген касиет миңден бир гана адамда болот. Андай адамдар айрыкча турмушуңда кеч кездешет, балким, арманы да, жыргалы да ушудур...

Өчпөс сүйүү жүрөгүмдү жаралап,

Сени ойлосом санаам алыс таралат.

Мен өзүнчө бир ааламда жашаймын,

Сен да жаным жүрө көргүн саламат- деп жазып коюп, миң суроого бир жооп таппай, тунгуюкка кабылган учурларда бул ыр эски дептерден деп аргасыз кутулган күндөр да жок эмес... Деги өзү жашоо кызык да... Башың көрүнө баштагандан кийин адамдын артынан көралбаган көздөр, ушак-айың сөздөр дайыма ээрчип жүрөт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. “Акынга тагдыр керек” деп коюшат. Чынында ошол тагдырды курчап турган чөйрө жаратат. Түшүнгөндөр келсе – бактың, түшүнбөгөнү келсе – шоруң. Жазылган ырлары үчүн кызганычтан запкы жеген учурлар да жок эмес...

Кээ бирөөлөр менде өчү барчылап,

Майда сүйлөп жандүйнөмдү жанчылап.

Көралбастар тузак жайып жолума,

Чыйралтышты кайра мени камчылап.

Ошентип жаш башың акырындап как баш болот туура. Ал эми Кудайым берген сезим жакшы ырлардын жаралышына себепкер.

Жаша сүйүү түшсөм мейли торуңа,

Өгөйлөбөй кыса көргүн бооруңа.

Сени менен дүйнөм түгөл экенин,

Сездим бүгүн, сүй жүрөгүм ооруба- деп ошол сүйгөн жүрөктөн Кудайым айырбасынКалганы келди-кетти нерсе, убакыт дарылайт...

-- Азыр деле тамадалык кыласызбы? Сиздин куюлуштуруп сүйлөгөн сөздөрүңүздү баалап, тойдун ажарын ачып бериңиз дегендер көппү?

-Ооба, азыр деле тамадалык кылып, ырыскымды насибинче терип жатам. Кудайга шүгүр, тамаданы той ээлери табитине жараша тандашат. Мени сөзгө маани берип, сөздүн баркын билгендер, баалагандар, када-салтты сактагандар, улуттук баалуулуктарга өзгөчө маани бергендер көбүрөөк чакырышат. Өзүмө жараша чөйрөм бар. Ушуга да чексиз шүгүр.

-- Тамадалык да өнөрбү? Анткени, каалаган киши эле тамада боло албаса керек... 

-- Ушул суроону мага абдан көп беришет. Мен үчүн тамадалык өнөр, кесип дагы. Азыр көпчүлүгү китеп окубайт, киного, театрга, музейге барышпайт, ошон үчүн той – маданияттын ордосуна айланды! Ал жерде каада-салтыбыз, улуттук кийимибиз, салттуу музыкабыз, акыл-насаат, ак тилектерибиз, улуттук тамак-аштарыбыз, жасалгабыз – баары чагылдырылып, ак бата менен жыйынтыкталат. Ошонун баарын элге жайылтуу милдети тамаданын дараметине жараша мойнуна жүктөлөт. Бул чоң жоопкерчилик! Тамада – маданияттын күзгүсү. Анткени, салт бузулса, нарк бузулат. Нарк бузулса, эл бузулат! Ал эми мындай нерселерге жол бербөө керек. Сабатсыз, жеңил-желпи тамадалар – бул коомдун оорусу. Ошон үчүн акыркы учурларда тамадаларга коюлуп жаткан талаптар абдан туура. Балдар укканын эмес, көргөнүн алат. Артыбызда өсүп келе жаткан муундарга нарк-насилибизди, каада-салтыбызды аздектеп өткөрүү, жаштардын табитин бузбай туура багыт берүү – биздин милдетибиз деп эсептейм.

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер